Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук лабораториялык кызматын ачат

0

Саламаттык сактоо министрлигинин алдында Улуттук лабораториялык кызмат түзүлөт. Бул тууралуу жыйын өткөнүн министрликтин басма сөз кызматы 13-февралда маалымат таратты.

Кеңешмеде элге көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапаты менен жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, лабораториялык диагностиканын бирдиктүү тутумун түзүү талкууланды. Анда сапат боюнча эл аралык стандарттарды киргизүү, байкоо жана көзөмөл үчүн санариптик чечимдерди колдонуу жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын тактыгын жогорулатуу тууралуу сөз болду.

“Министр Каныбек Досмамбетов лабораториялык кызматты өнүктүрүү жана медициналык калдыктарды натыйжалуу башкаруу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин жана алар ооруларды алдын алуу, өз убагында аныктоо жана калктын саламаттыгын коргоо үчүн түздөн-түз таасир этерин белгиледи”, - деп жазылган маалыматта.

Кеңешмеде медициналык калдыктарды сактоо жана утилдештирүү боюнча да сөз болгон.

Кыргызстанда мамлекеттик медициналык мекемелерде, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда медициналык лабораториялар бар. Бирок изилдөөнүн кээ бир түрлөрү боюнча менчик лабораторияларда гана изилдөө жүргүзүлөт.

2024-жылы менчик медициналык лабораториялардын кызмат көрсөтүү акысы кымбат экени боюнча маселе чыгып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул боюнча иш жүргөнүн билдирген. Мекеме лабораториялардын жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, баа 30% түшкөнүн маалымдаган.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *