Эки жылда тоо кен тармагына берилген 320 лицензия жокко чыгарылды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2023-2025-жылдар аралыгында мамлекеттик ишканаларга 105 лицензия берилгенин билдирди. Мекеме лицензиялык талаптарды бузганы үчүн 320 лицензия жокко чыгарылганын, ушул тапта 2014 лицензия күчүндө экенин кошумчалады.
Мекеменин маалыматына караганда, акыркы беш жылда бул тармактан бюджетке 217,9 млрд сомдон ашык каражат түшүп, 3,5 эсе өсүш болгон. Соңку беш жыл ичинде 141 тонна алтын өндүрүлдү.
Кумтөр кенинен 2021-жылдан бери 100,6 млрд сом салык жана милдеттүү төлөмдөр түшкөн. 2025-жылы таза пайдасы 706 млн доллар болду. Бул кенден соңку беш жылда 70 тонна алтын өндүрүлдү.
Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин – 2022-жылдын апрелинде аны толук өткөрүп алган. Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.
“Кыргызалтын” ачык акционердик коому “Кумтөр” компаниясынын жалгыз акционери жана 100% акциясына ээлик кылат. (BTo)
