Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

УКМК мыйзамсыз ишмердикке жана сүткорлукка шектелген ломбард жабылганын билдирди

0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мыйзамсыз иштеп жаткан күрөөканалардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана токтотуу боюнча иш-чаралар уланып жатканын билдирди. Мунун алкагында жарандарга жогорку үстөк менен насыя берген А.А.Т. аттуу жаран кармалган.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, аталган жаран мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүүгө жана күрөөгө коюлган мүлктү тартып алууга шек саналууда.

"Тактап айтканда, кармалган А.А.Т. материалдык оор абалда турган жарандарга мыйзамсыз түрдө карыз берип, кыймылсыз мүлк объектилерин күрөөгө алуу менен ири көлөмдө пайда таап келген", - деп жазылган маалыматта.

Шектелген жарандын үй-жайын тинтүү учурунда он чакты мүлккө тиешелүү документтер, мыйзамсыз “Байкал” тапанчасы жана ок-дарылар алынган.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда бул ишке катыштыгы ыктымал башка жарандарды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Үстөк пайызды негизсиз жогору койгон, мыйзамсыз иштеген деген шек менен акыркы жылдары бир катар ломбарддар жабылып, ээлери камакка алынган.
19-январь күнү УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев коопсуздук кызматкерлерине өлкөдөгү бардык күрөөканалардын ишин, анын ичинде пайыздык чендерин жана насыянын шарттарын текшерүүнү тапшырган.
Кармалгандардын адвокаттары, жакындары комментарий бере элек. (ZKo)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *