№13 округдан шайлоого катышып жаткан айрым талапкерлер нааразылыгын билдирүүдө
Жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайрадан шайлоо жарыяланган №13 округдан шайлоого катышып жаткан айрым талапкерлер Боршайкомдун акыркы чечимине нааразылыгын билдирип жатышат. "Азаттык" алардын айрымдары менен байланышканда Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам алдында жооп бериши керектигин талап кылышты.
Талапкерлердин бири Нуркан Койчуманова БШКнын 13-февралдагы чечимин мыйзамсыз деп сыпаттады:
"БШКдан Шайназаров (БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров - ред.) баш болуп таза шайлоо өткөрөлү деп жыйындарды өткөрүшкөн. Биз мыйзам чегинде укугубузду пайдаланып үгүт иштерин баштадык. 5 күн биз ушулардын түзгөн графиги менен жүрдүк. БШК биринчи шайлоодо эле Бактыбек Сыдыковдун талапкерлигин алып, Мамытовду ордуна бекитип койгондо эч ким мынчалык ызылдамак эмес. Бул биринчи катачылыгы. Экинчи катачылыгы - БШК соттун чечимин күтсө болмок. Мыйзам чегинде биздин баарыбызды кайра шайлоого дайындагандан кийин биздин укугубуз дагы бузулуп жатат да. Бул жерде акчадан мурун адам укугу турат. Шайлоонун үгүт иштерин баштап, өзүбүздүн чыгымдарды, күрөө акчасын берип шайлоого даярданып жаткан учурда биздин үстүбүздөн мындай чечим чыгарып койгону туура эмес. Бул шайлоонун гана эмес, Шайназаровдун "шайтан оюну" болуп жатат. Абдан сабатсыздык. Каалагандай калчагандыгы. БШК бизге толук жооп бериши керек. Мыйзам алдында жоопко тартылышы керек. Биздин кеткен моралдык, материалдык чыгымды бүтүндөй компенсация кылып, кайтарып берсин. Себеби бул БШКнын туура эмес жүргүзгөн саясатынан болуп жатат", - деди талапкер.
Боршайком же Тынчтык Шайназаров жогоруда айтылгандар боюнча азырынча комментарий бере элек.
13-февралда БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов шайлоо мыйзамдарында кылмыш ишин териштирүүнүн жана башка процесстердин мөөнөтү каралганын эске салып, кайра шайлоо дайындоого укук коргоо органдарынын маалыматы кечиккени себеп болгонун айткан:
"3-декабрда чечим чыгарылып, сиздерге берилген. Сиздердин берген маалымат боюнча "ушундай болду, мындай болду" деп айыбын угузуп жатасыздар. Эгерде сиздер мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө тиешелүү иш-чараларды өткөрүп бүтүп, чечим кабыл алып бергениңиздерде, мүмкүн, кайра шайлоо дайындалбай калат эле. Ал боюнча 30-декабрда чечим чыкты. Ошондой болсо, мүмкүн, мынчалык чыгым болбой, мамлекеттик мекемелер убара тартпайт эле".
БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов отурумда эми бул талапкерлердин кетирген чыгымы кантип кайтарыларына кызыккан.
"Биз шайлоо күрөөсүн кайтарабыз. Чыгымдар боюнча ойлор бар. Ал отурумдун алкагында айтылбайт", - деп жооп берген БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров.
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн. №13 округдагы мыйзам бузууларга байланыштуу БШК андагы добуш берүүнүн жыйынтыгын 3-декабрда жокко чыгарган. Бул аймактагы 35 добушканада шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөө максатында камералар орнотулганы, үгүтчүлөр ким кандай добуш бергенин байкап турганы ачыкка чыккан. Мындан соң кайра шайлоо жарыяланып, добуш берүү 1-мартка белгиленген. Ал үчүн 25 талапкер каттоодон өтүп, 9-февралдан тартып үгүт өнөктүгү жүрүп жаткан.
Боршайком 13-февралдагы отурумунда бул округ боюнча үч талапкер Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекованын мурдагы чечимди жокко чыгарууну өтүнгөн арызын карап, канааттандырды. Ага ылайык, 30-ноябрда №13 округда өткөн добуш берүүнү өттү деп табылып, жогорудагы үч талапкер жеңүүчү деп таанылды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү аталган аймакта шайлоо өнөктүгү жокко чыгарыларын билдирген, бирок азырынча расмий тастыктала элек.(ZKo)
