Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Дайырбек Орунбеков соцтармактарда Ташиевди каралоо жүрүп жатканын билдирди

0

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди жана анын жакындарын каралаган маалыматтар тарап жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал 14-февралда Фейсбук баракчасына жазды.

"Муну, кырдаалды атайын курчуткан чагымчылдык катары баалайбыз. Тиешелүү органдар иш алып барып жатат, жыйынтыгы чыкса, чагымчылдар жазаланат. Социалдык байланыш тармагында саясий кутум уюштуруп, чагымчыл маалыматтарды таратуу кылмыш болуп эсептелет. Жазылган чагымчыл посттор мазмунуна жараша кылмыш иши катары каралат", - деп жазды Орунбеков.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарларын да жумуштан алып, ордуна жаңыларын дайындады.

Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. Ал 13-февралда Бишкекке кайтып келди.

Садыр Жапаров “Кабарга” берген интервьюсунда кызматтан алардын алдында Камчыбек Ташиевге телефон чалып, айтканын билдирди.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *