Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Башкы прокуратура УКМКнын Бишкек башкармалыгынын экс-башчысы Элдар Жакыпбеков кармалганын ырастады

0

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков кармалганын ырастады. Мекеме аны Аскер прокуратурасы кармаганын жана ушул тапта тергөө жүрүп жатканын билдирди. Кайсыл иш боюнча айып тагылганын тактаган жок.

Элдар Жакыпбеков кармалганы тууралуу маалымат 15-февралда чыгып, социалдык тармактарда ал укук коргоо органынын эки кызматкеринин коштоосунда отурган сүрөтү тараган. Анын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

Элдар Жакыпбеков буга чейин УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын жетектеген. 2025-жылдын декабрь айында атайын кызматтын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган. Анын өмүр таржымалы тууралуу ачык булактарда маалымат аз.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарларын да жумуштан алып, ордуна жаңыларын дайындаган.

Бул кадрдык өзгөрүүлөрдүн артынан эле УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын башчысы алмашып, Элдар Жакыпбековдун ордуна Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматынын башчысы Улан Бийбосунов келгени айтылган. Бирок расмий маалымат бериле элек. (BTo)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *