Трамп "Тынчтык кеңеши" Газаны калыбына келтирүүгө 5 млрд доллар бөлөрүн билдирди
АКШ президенти Дональд Трамп жаңы түзүлгөн "Тынчтык кеңешинин" (Board of Peace) мүчөлөрү согуштан кыйраган Газаны калыбына келтирүүгө 5 миллиард доллар бөлүүгө убада беришкенин билдирди.
Америка президентинин айтымында, бул тууралуу 19-февралда Вашингтондо өтө турган кеңештин алгачкы жыйынында расмий жарыяланат.
«Тынчтык кеңеши тарыхтагы эң таасирдүү эл аралык орган болуп калат. Анын төрагасы болуу мен үчүн сыймык», — деп жазды Трамп социалдык тармактагы билдирүүсүндө.
Ал кайсы өлкөлөр калыбына келтирүү үчүн каражат бөлөрүн же кайсы мамлекеттер Газадагы кырдаалды турукташтыруу максатында аскер жөнөтөрүн тактаган жок.
Индонезиянын бийлиги 15-февралда Газага гуманитардык жана тынчтык миссиясынын алкагында сегиз миңге чейин аскер жөнөтүлүшү мүмкүн экенин маалымдаган.
Бириккен Улуттар Уюму, Дүйнөлүк банк жана Евробиримдиктин эсебинде аймакты толук калыбына келтирүү үчүн 70 миллиард доллар талап кылынат. Израилдин эки жылдан ашуун убакытка созулган бомбалоосунан кийин Газа тилкесинде дээрлик бардыгы талкаланган.
Трамптын ортомчулугу менен 2025-жылдын күзүндө түзүлгөн ок атышпоо келишими коопсуздукту камсыз кылуу жана Израилдин негизги талабы болгон ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) тобун куралсыздандыруу үчүн эл аралык күчтөрдү жайгаштырууну карайт. Азырынча мындай күчтөргө катышууга кызыкдар өлкөлөр аз.
"Тынчтык кеңешинин" 20дан ашуун мүчөсүнүн канчасы алгачкы жыйынга катышары белгисиз.
Башында бул кеңеш Газадагы согушту токтотууга багытталган механизм катары каралган. Бирок бара-бара ал Трамптын дүйнөлүк кризистерди чечүүгө багытталган кеңири амбициясынын бир бөлүгүнө айланды.
АКШнын Европадагы жана башка аймактардагы көптөгөн өнөктөштөрү бул түзүмдү БУУнун Коопсуздук кеңешине атаандаш органга айланып кетиши мүмкүн деп кооптонуп, кошулуудан баш тартышкан.
Трамп бейшембидеги жыйын АКШнын Тынчтык институтунун имаратында өтөрүн да ырастады. Мамлекеттик департамент декабрда бул мекеме «Дональд Ж. Трамп атындагы АКШ Тынчтык институту» деп кайра аталарын билдирген.
"Тынчтык кеңешине" Борбор Азиядан Казакстан менен Өзбекстандын лидерлери чакырылган.
