Жапаров менен Токаев эки өлкөдөгү саясий реформаларды талкуулашты
17-февралда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эки лидер кыргыз-казак мамилелеринин бардык багыттары боюнча актуалдуу маселелерди, анын ичинде соода, транспорт, өнөр жай, энергетика жана суу ресурстары тармактарында мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты. Бул тууралуу Жапаровдун администрациясы маалымдады.
Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго Казакстанда жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформа тууралуу маалымат берди. Садыр Жапаров, өз кезегинде, Казакстандагы бир палаталуу парламентти түзүү демилгесин колдой турганын билдирип, жалпы элдик референдумду ийгиликтүү өткөрүүнү каалады.
Мамлекет башчылары бардык маселелерди ишеним, достук жана боордоштук маанайында чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешкени, бул кызматташтыктын ырааттуу өнүгүүсү үчүн ишенимдүү негиз түзөрү айтылды.
Маалыматта ошондой эле президенттер ички саясий реформалар, чөлкөмдүк жана эл аралык күн маселелер боюнча пикир алышканы кабарланды.
Казакстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумдун датасы аныктала элек. Айрымдар Токаев датаны жарыялап, андан кийин парламенттик шайлоого даярдык көрөрүн айтып жатышат.
