Кызматтан алынган Камчыбек Ташиев чет өлкөгө убактылуу чыгып кетти. Бул арада атайын кызматтын Бишкек шаары боюнча мурдагы башчысы эки айга камалды. Конституциялык сот Садыр Жапаровдун кайрылуусун карап, президенттик шайлоо 2027-жылы өтөрүн билдирди. Азербайжанда жикчил Тоолуу Карабак жумуриятынын мурдагы өкмөт башчысы Рубен Варданян 20 жылга абакка кесилди.