Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Эрмек Өмүралиев Кыргызстандын Италиядагы элчиси болуп дайындалды

0

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Эрмек Өмүралиев Кыргызстандын Италиядагы элчиси, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондундагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Эрмек Өмүралиев мурда Жарандык авиация агенттигин жетектеген. Андан кийин Тышкы иштер министрлигинде иштеген.

Кыргызстандын Италиядагы мурдагы элчиси Таалайбек Базарбаев мамлекет башчынын 12-декабрдагы буйругу менен бошотулган. Базарбаев элчилик кызмат менен чогуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызматынан да бошотулган.

Италияда Кыргызстандын элчилиги 2021-жылы ноябрда расмий ачылган.(ZKo)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *