Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22
23
24
25
26
27
28

Бишкекте, Чүй жана Талас облустарында катуу шамалдын кесепети такталып жатат

0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкек шаарында, Чүй менен Талас облустарында 21-февралдагы катуу шамалдын кесепети, чыгымы такталып жатканын билдирди.

Соңку маалымака ылайык, бул аймактарда жалпы алты жер там, беш көп кабаттуу үй, беш мектеп, эки бала бакча, алты сарай, айыл өкмөтүнүн имараты, кароолчунун үйү, бастырма жана эки машина жабыркады. Электр мамычасы, бак-дарактар кулады.

"Жер-жерлерде министрликтин рйондук ыкчам топтору, Жарандык коргонуу комиссиялары менен бирге тактоо жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат",-деп жазылган маалыматта.

ӨКМ мунун алдында катуу шамал болору тууралуу чукул кабар тараткан.

Соңку жылдары Кыргызстанда сел, суу ташкыны, катуу шамал, нөшөр жаан жана жер титирөө өңдүү табыгый каырсыктар көп каттала баштады. Буга өлкөнүн географиялык жайгашуусу менен катар жалпы дүйнөдөгү климаттык өзгөрүүлөр түрткү болуп жатканы айтылып келет.

Былтыр декабрда Дүйнөлүк банктын тобу Кыргызстандагы климат жана өнүгүүгө байланыштуу атайын баяндамасын жарыялаган. Анда климаттын айынан жакырлар дагы көбөйүп, сел, жер көчкү коркунучу жогорулашы ыктымалдыгы жазылган.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *