Президент Жапаров Москвадагы сүйлөшүүлөргө Алексей Ширшовдун катышканына комментарий берди
Президент Садыр Жапаров 23-февралда “Кабар” маалымат агенттигине кезектеги маегинде орусиялык ишкер Алексей Ширшовго байланышкан суроолорго жооп берди.
Президент Орусияда “Русгидро” ишканасынын өкүлдөрү менен жолугушууда кыргыз өкмөтүнүн делегациясынын катарында Ширшовдун жүргөнүн мындай түшүндүрдү:
"Жогорку Нарын ГЭСтери боюнча биз “жебеген самсага” 37 миллион доллар, пайызы менен бүгүнкү күндө 51 миллион доллардан ашык акча каражат “Русгидрого” карыз болуп калдык. Бул карыздын пайызы күндөн-күнгө тууп жатат. Эл аралык сот “ушундай пайыз тууйт” деп чечим чыгарып берген экен. “Ошол карыздан кутулуу жолдорун сүйлөшүп келгиле” деп, Данияр Амангелдиев баштаган делегацияны Москвага жибергем. Ал ошол жактан Данияр Амангелдиевге телефон чалып, "Русгидро" боюнча Кыргызстанга пайдалуу маалыматтарым менен бөлүшөм деп сүйлөшүүлөргө кошулуп калыптыр. Себеби илгери ошолор менен иштешип жүргөн да. Көп маалыматтары бар экен. Анын маалыматтары канчалык деңгээлде пайдасы тиет, убакыт көрсөтөт. Эң негизгиси, Ширшовго илгеркидей бир министрликти минип алып башкарганга жол бербейбиз. Мамлекетке пайдасы болсо колдонобуз, жок болсо “тынч жүр” дейбиз. Кыскасы, мамлекеттик казынага кол салууга жол бербейбиз. Ошондуктан, Ширшов менен “манипуляция” кыла бергендерге көңүл бурбаш керек", - деди президент.
Москвада Орусиянын Энергетика министрлигинде өткөн аптада Кыргызстандагы "Жогорку Нарын ГЭС каскадын" куруу долбооруна байланыштуу жолугушуу өткөн. Ага кыргыз өкмөт башчысынын орун басары Данияр Амангелдиев баштаган делегация катышкан. Алардын арасында Кыргызстандан энергетика тармагындагы ири коррупциялык схемаларда аты аталып келген Алексей Ширшов дагы болгону ачыкка чыгып, мындай жагдай талаш-талкууларга жем таштаган. Жолугушуу өткөнү тууралуу 17-февралда Орусиянын Энергетика министрлиги кабарлаган. Кыргыз өкмөтү дагы, Кыргызстандын Энергетика министрлиги дагы эч кандай расмий маалымат берген эмес. Орус тарап кездешүүдө кыргызстандык делегациянын катарында Ширшовдун отурганы тартылган сүрөттү жарыялап, бирок көп өтпөй эле аны өчүрүп койгон.
Кийинчерээк Данияр Амангелдиев Москвада “Жогорку Нарын ГЭС каскады” боюнча Кыргызстан менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсүнө Алексей Ширшов катышканын “Азаттыкка” ырастаган. Ал Ширшов Максим Бакиевдин байлыгын Кыргызстанга өткөрүүгө жардамдашып жатканын кошумчалаган.
Алексей Ширшов мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин, андан кийин Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин жакын өнөктөшү болгонун айтып келишет. 2005-жылдагы Март ыңкылабында өлкөдөн чыгып кетип, кийин кайтып келип, жогорку кызматтарда ишин уланткан. 2010-жылы Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаганда ага издөө жарыяланган.
2022-жылы камалып, көп өтпөй эле бошоп кеткен. Бул коомчулукта сын-дооматка кабылганда президент Садыр Жапаров түшүндүрмө берген. Анда Ширшов менен беш-алты ай мурда жолукканын, Максим Бакиевдин камакта турган миллиондогон долларын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшөрүн билдирген. Ошондой эле 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогонун, издөөгө албаганын айткан. Ошол маалдагы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров Ширшовго иш ачылган эмес деген сөздү төгүндөп чыккан.
