Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24
25
26
27
28

Сулайманов мандат тапшырганы, интернетте тараган аудио тууралуу түшүндүрмө берди

0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кундузбек Сулайманов мандатын тапшырганы тууралуу 23-февралда Фейсбуктагы баракчасында түшүндүрмө берди. Ал соңку күндөрү социалдык тармактарда ар кандай пикирлер айтылып, талаш-тартыштар күчөгөнүн, мындан улам мандатын тапшыруу чечимин кабыл алганын жазган.

“Мен үчүн эң башкысы – элдин ынтымагы жана мамлекеттин тынчтыгы. Мандат менин абийиримден, беделимден жана элдин биримдигинен жогору турбайт. Коомдогу бөлүнүүнү тереңдетпөө максатында депутаттык ишмердүүлүгүмдү токтотууну туура көрдүм”, - деген Сулайманов.

Ал интернетте тарап жаткан аудиого да токтолуп, сөз болгон бала менен тааныштыгы жок экенин айткан. Жетекчилери тарабынан кысым болуп жатканын угуп, маселени тынч жол менен чечүү керектигин айтканын ырастады.

22-февралда интернетте эки кишинин сүйлөшкөнү жаздырылган аудио тараган. Ал Кундузбек Сулайманов менен “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы директору Курсантбек Өмүрбековдун сүйлөшүүсү экени айтылган. Сүйлөшүүдө үнү Сулаймановдукуна окшогон киши энергетика тармагында иштеген бир жигитке көңүл буруп, колдоп коюу керектигин айтканын угууга болот.

23-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Кундузбек Сулаймановдун мандатын өз арызынын негизинде жокко чыгарды.

Сулайманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын адамдардын бири. Өткөн аптада ал “Мекенчил” депутаттык тобунун жетекчилигинен кетип, ордуна жаңы гана мандат алган Талант Мамытов лидер болгон. Сулайманов ал учурда депутаттык мандатын тапшырбай турганын айткан.

3-февралда президент Садыр Жапаров айдоочуларды даярдоо боюнча жаңы өзгөртүүлөрдү сынга алган депутаттарды айыптап, “популизмден алыс болууга” чакырган.

4-февралда парламенттин жыйынында Кундузбек Сулайманов менчик автомектептердин маселесин айткан депутаттардын аракети популизм эмес экенин билдирген.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун аны кызматтан алуу чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. 13-февралда ал Бишкекке кайтып келип, 17-февралда кайра чет жакка чыгып кетти. Бирок кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени айтылган жок.

Садыр Жапаров 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Камчыбек Ташиевди кабыл алганын, ал мамлекеттик кызматка барбай турганын айткан.

Камчыбек Ташиевдин отставкасынан кийин ага жакын санаалаш делген министрлер, мамлекеттик кызматкерлер жумуштан алынды.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *