Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25
26
27
28

Таласта милиционер чет элдик инвестордун акчасын тартып алууга шектелип кармалды

0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Таласта милиция кызматкери Түркия жаранынын акчасын алдап алып алган фактысы боюнча кармалганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы 25-февралда кабарлагандай, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматынын Талас облусундагы ыкчам кызматкери Э.М.А. түрк жараны Х.К.нын ишенимине кирип, 35,5 миң долларын ээлеп алган. Э.М.А. чет өлкөлүк инвестор менен кымбат баалуу "Паслен" чөбүн (баасы 1 кг урук үчүн 3 000 доллар) өстүрүү, андан ары Түркияга экспорттоо боюнча макулдашып, 35 миң долларын алган.
Былтыр октябрь айында түрк жараны милиция кызматкеринин үстүнөн алдамчылыкка байланыштуу чара көрүүнү суранып, ИИМге арыз жазган. Бирок инвестордун арызы боюнча кылмыш иши козголгон эмес.
"Тиешелүү текшерүү жана тергөө аракеттери жүргүзүлбөстөн ИИМдин тергөө органдары кызматкердин кызыкчылыгы үчүн кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алышкан", - деп жазылган УКМКнын маалыматында.

Быйыл январда түрк ишкер бул факты боюнча УКМКга кайрылган. УКМКнын тергөө органдарына материалдар прокуратурадан өткөрүлүп берилген.

24-февраль күнү шектүү Э.М.А. кармалып, Талас шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Коопсуздук кызматы укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери ишкерлердин жана инвесторлордун укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузушуна жол бербөө иши уланып жатканын кошумчалады.
УКМК 24-февралда Талас РИИБнин ыкчам кызматкери Т. Р. З. пара талап кылууга шек саналып кармалганын маалымдаган.
Кыргызстанда милиция кызматкерлерин УКМК түрдүү кылмыштарга шек санап, айыптап кармаган учурлар арбын. Алардын айрымдары кылмыш үстүндө кармалса, кээ бирлери иш учурунда, жалпы жамааттык жыйындар мезгилинде колуна кишен салынган. (ZKo)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *