Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25
26
27
28

"Ата Журт" депутаттык тобунун аталышы "Эл үмүтү - Ата Журт" болуп өзгөрдү

0

Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” депутаттык тобунун аталышы “Эл үмүтү Ата Журт” болуп өзгөрдү. Бул тууралуу топтун төрагасы, депутат Дастанбек Жумабеков парламенттин 25-февралдагы отурумунда билдирди.

Топко жаңы мандат алган депутат Таалайбек Сарыбашев кошулганын жарыялады.

“Эл үмүтү Ата Журт” тобунун курамында 18 депутат – Нурлан Азыгалиев, Куванычбек Конгантиев, Камила Талиева, Дастанбек Жумабеков, Жылдыз Садырбаева, Улан Бакасов, Алишер Козуев, Медербек Алиев, Гүлнара Баатырова, Салтанат Аманова, Дастан Бекешев, Табылды Муратбеков, Гүлай Машрапова, Жылдыз Эгенбердиева, Алтынбек Кылычбаев, Илимбек Кубанычбеков, Бурун Аманова, Таалайбек Сарыбашев бар.

Депутаттык топ жаңы түзүлгөндө ага Нурланбек Азыгалиев төрага болуп шайланган. 19-февралда өзгөрүү болуп, ордуна Дастанбек Жумабеков келген.

"Ата Журт" депутаттык тобунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын депутаттар көп экени айтылып келген.

Жогорку Кеңештин 90 мандаттуу VIII чакырылышы 2025-жылдын декабрь айында ишин баштаган. Парламентте сегиз тармактык комитет, беш депутаттык топ бар.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *