Жеңил акча, бат баюу жана “ийгиликке жеткендердин” кызыктырган окуялары — социалдык тармактарда кеңири жайылып жаткан кабелтең убадалардын артында көз жаш, миллиондогон карыз жана кыйраган тагдыр турат. Психологдор белгилегендей, онлайн-казино алгач утуш менен ишеним жаратып, бирок бара-бара көз карандылыкка айланып, адамды каржылык гана эмес, психологиялык жана социалдык туңгуюкка кептейт. Лудоманиядан чыгуунун жолу татаал жана адистердин жардамы, узак реабилитация талап кылынат.