Аба ырайы: жаан, кар жаайт
26-февралдан 1-мартка чейин өлкөнүн тоолуу аймактарында, тоолуу жолдордо жана ашууларда кар көчкү жүрүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
27-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын мол жаайт. Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт.
Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 1…6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 8…13;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 8…13;
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1° ...+1°, күндүз 4…6° жылуу болот.
