Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026

Президент Жапаров мамлекеттик кызматтагыларды саясий оюндардан оолак болууга чакырды

0

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы бардык жетекчилерди өздөрүнө тагылган кызматтык милдеттерин гана так аткарууга, андан башка нерселер менен алектенбөөгө чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчы бүгүн, 27-февралда, Ынтымак ордодо өткөн республикалык кеңешмеде акыркы беш жылдагы жетишкендиктер жана алдыдагы милдеттер тууралуу баяндама жасап жатып айтты.

Садыр Жапаров ар бир жетекчинин бир гана максаты - элге жана мамлекетке ак кызмат кылуу экенин эскертти.

"Бийликтин эч бир бутагы саясий оюндар, жеке кысым көрсөтүү же өз көз карашын таңуулоо үчүн түзүлгөн эмес. Саясий оюндар менен алектенүүгө жол берилбейт, анткени чыр-чатакка, сенектикке, элдин ишенимин төмөндөтүүгө алып келет. Мурда дал ушундай саясий амбициялар мамлекеттик органдардын милдеттери менен аралашып кетип, өнүгүүнү кан буугандай токтотуп, демилгелерди артка тартып, натыйжада элдин ишенимине доо кетирген. Чечимдер эл үчүн эмес, чакан топтордун кызыкчылыгына кабыл алынган учурлар көп болгондуктан өлкөбүз ондогон жылдар бою ордунан жыла албай калган. Бүгүн биз интригаларды бул жакка коелу, ката кетирүүгө да акыбыз жок. Ар бир жетекчи, ар бир кызматкер түздөн-түз өзүнө тагылган иш-милдеттер менен гана алек болушу керек. Маяна алып, ишинен баар таап жаткан соң ишин абийир менен, эч кандай компромисске барбай иштеши керек. Ушундай жол менен гана бийлик өнүгүүнүн чыныгы куралы болуп кызмат кылат", - деди Жапаров.

Өлкө башчысы ошондой эле мамлекеттик жетекчилерге талап койду:

"Мамлекеттик кызматтарга ишке алууда "өкүл балам, жээним, кудам, таякем же жердешим деген сыяктуу мыйзамга жат, одоно катачылыктар болбошу керек. Эгерде ушундай мыйзамсыз учурлар, жагымсыз жагдайлар, адилетсиз көрүнүштөр аныкталса, мыкты жетекчи экениңерге карабай, тиешелүү жазаңарды аласыңар", - деп эскертти Садыр Жапаров.

Республикалык кеңешмеге Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери, акимдер катышты.

10-февралда президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагалыгынан алынган. Андан берки убакта бир нече министр, жергиликтүү бийлик башчылары орун басарлары менен чогуу кызматынан алынышты, айрымдары камалды. УКМКнын бир нече кызматкери коррупцияга шектелип, камалды.

Жогорку Кеңештин төрагасы да алмашып, мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу баштаган бир нече депутат мандатынан баш тартышты.

Президенттин жарлыгы өтө күтүүсүз болгонун билдирген Камчыбек Ташиев өлкөдөн чыгып кетти. (ZKo)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *