Садыр Жапаров ишкерлерди негизсиз текшере берүүнү токтотуу талабын койду
Президент Садыр Жапаров ишкер корккон абалда, басым-кысым алдында иштеген жерде экономикалык өсүш токтойт деп эсептейт. Бул тууралуу ал 27-февралда Ынтымак ордодо өтүп жаткан кеңешмеде билдирди.
Ал укук коргоо органдарына кайрылып, ак ниети менен иштеген жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон бизнес ар тараптуу корголушу керектигин эскертти.
“Бизнесмен коркуу чөйрөсүндө басым-кысым шартында иштеген жерде экономикалык өсүш токтойт. Мындан, албетте, мамлекетке, элге, эң ириде бардык жоопкерчиликти моюнга алган бизге залакасы тиет. Ошондуктан жергиликтүү укук коргоо органдары айыл өкмөттөрдү, мэрлерди, акимдерди, бизнесмендерди негизгиз текшергенди токтоткула. Алардын ишине тоскоолдук кылып, отчет алып, текшерип же негизи жок эле кабинетиңерге чакырганды койгула”, - деди Жапаров.
Ал жергиликтүү бийлик башчыларына кайрылып, коррупциядан алыс болууга, чынчыл иштөөгө чакырды.
Президент бизнес үчүн зарыл шарттарды түзүү уланарын, туруктуу жана түшүнүктүү эрежелер кирерин кошумчалады.
Жапаров буга чейин белгилеп келгендей ал бийликке келген учурда өлкө кризистик абалда турганын кайталап, бул кырдаалды өзгөрткөнүн билдирди. Негизги жетишкендиктер катары акыркы төрт жылда өлкөнүн экономикасы орточо эсеп менен 10 пайыздан ашканын белгилеп, бюджеттин көлөмү көбөйгөнүн санады.
Ал негизги иш катары экономиканын өнүгүшү менен Кумтөр кенинин мамлекетке алынганын атап, анын эсебинен 100 миллиард сом түшкөнүн билдирди. Буга кошумча коңшу өлкөлөр менен чек ара такталып бүткөнүн, коррупцияга каршы күрөштүн күчөтүлүшүн жана криминалдын таасири жокко чыкканын акыркы беш жылдагы негизги жыйынтык катары атады.
Садыр Жапаров ишкерлерди коргоо боюнча буга чейин 18-февралда да кайрылуу жасаган. Анын алдында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да Ошко сапары учурунда укук коргоо органдарына ушундай эле талапты койгон.
Бийликтин ишкерлерге байланыштуу мындай билдирүүлөрү Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгынан кеткенден бери көп айтыла баштады.
Жапаров 10-февралда Ташиевди кызматтан бошотуп, орун басарларын да алмаштырган. Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун аны кызматтан алуу чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. 13-февралда ал Бишкекке кайтып келип, 17-февралда чет жакка чыгып кетти. Бирок кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени айтылган жок.
Садыр Жапаров 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Камчыбек Ташиевди кабыл алганын, УКМКнын мурдагы төрагасы мамлекеттик кызматка барбай турганын айткан.
Ташиевдин кызматтан кетишинен кийин Нурланбек Тургунбек уулу парламент төрагалыгынан кетип, ордуна Марлен Маматалиев шайланган. Бир аптадан кийин Тургунбек уулу жана Ташиевге жакын делген дагы эки депутат мандатын тапшырды.
Ташиевдин отставкасынан кийин УКМКнын кызматкерлери буга чейин мыйзамсыз чара көргөнүнө даттанып, прокуратурага кайрылган ишкерлер чыгууда.
