Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026

Бишкекте коомдук жайда жарамазан айткан балдарга карата рейддер уюштурулат

0

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева кечинде чоңдордун коштоосу жок көчөдө, коомдук жайларда жарамазан айтып жүргөн балдарга байланыштуу жыйын өткөрдү.

Мэриядан кабарлашкандай, анда бул багытта көзөмөлдү күчөтүү, рейддерди өткөрүү, балдарга жана алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле тамактануучу, көңүл ачуучу жайларга жарамазан айтып жүргөн балдар киргизилген учур аныкталса мындай жайлардын ээлерине чара көрүлөрү эскертилди.

"Балдардын коомдук жайларды кыдырып, көчөгө, жолго чыгып алып жарамазан айткан учурлары көбөйдү. Бул алардын коопсуздугуна коркунуч жаратат. Ошондой эле айрым балдар QR-код аркылуу акча которууну талап кылган учурлар бар. Биз салтыбызды жана маданий мурасыбызды урматтайбыз, бирок жарамазан айтууну кайырчылыкка айлантпоо керек. Балдардын коопсуздугу биринчи орунда турушу зарыл. Ата-энелерден балдарына өзгөчө көңүл буруп, жашы жете электердин көзөмөлсүз көчөдө жүрүшүнө жол бербөөнү суранабыз",-деген Мозгачева.

Бишкекте жыл сайын Орозодо ооз ачар маалында балдар үй кыдырып, көчө аралап, кафе, ресторан өңдүү жайларга чейин кирип барып, жарамазан айткан, айрым учурда ачык акча сураган учурлары катталат жана буга байланыштуу коомдо талкуу жаралат.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *