Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Кыргызстанда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук 11% өстү

0

Кыргызстанда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка байланыштуу былтыр 1814 учур катталды. Бул 2024-жылга салыштырганга 11% көп (1640). Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов 2-мартта, Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин жыйынында билдирди.

"Мурда мектептерде, ИИМге кайрылуулардын негизинде каралып келген. Азыр алдын алуу иштерин жүргүзгөндүктөн, камералардын жардамы, маалымат каражаттар, коомчулуктун активдүү кайрылууларынын негизинде кылмыштарды аныктап жатабыз", - деди Урмамбетов.

Орун басардын айтымында, "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында коомдук жайларда 5 миң видео көзөмөл орнотулду. Өлкө боюнча өлкө боюнча 20 миң камера орнотуу чечими кабыл алынды.

ИИМдин маалыматына караганда, былтыр балдарга жакындары зомбулук көрсөткөн 249 учур катталган.

Жогорку Кеңштин депутаты Гүлайым Машрапова ар бир мектепте ата-энелер жана өспүрүмдөр менен иштөө канасын ачууну сунуштады.

Кыргызстандын эгемен тарыхында кримтөбөлдөр мамлекеттик башкарууга, саясатка чейин аралашып, коомчулукта таасирдүү фигурага айланган учурлар белгилүү. Мындай абалда жаштар арасында криминалдык идеология жайылып, окуучулар арасындагы да рэкетчилик өскөн. Президент Садыр Жапаров да жаштар, окуучулар арасында криминалдын өкүлдөрүн үлгү туткандар бар экенин белгилеген. (КЕ)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *