Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Кыргыз-тажик чек арасында зым тартуу иштери кайра башталды

0

2-март күнү Баткен районунун Ууч жерлигинде чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаевдин катышуусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тосуу иштери кайра башталды.

Тосмолоо иштерин жүргүзүүгө Мамлекеттик чек ара кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Коргоо министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин аскерлери тартылган.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы керектүү жабдыктар толук даяр экенин билдирди.

2025-жылы чек араны инженердик тосуу иштери дээрлик 150 чакырым аралыкта жүргүзүлгөн. Аба ырайы сууктап кеткендиктен жыл соңунда иш токтотулган.

2026-жылы облуста 200 чакырым чек ара тилкесин тикен зым менен тосуу пландалууда. Анын ичинен Баткен району боюнча 65 чакырым, Лейлек району боюнча 135 чакырым тосулат. Мындан сырткары Ош облусунда 70 чакырым пландалган. 2025-2026-жылдары жалпы кыргыз-тажик чек арасынын 420 чакырымын демаркациялоо мерчемделген.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды. Ушул тапта чек арага зым тартуу иштери жүрүп жатат. Мамлекеттик чек араны тактоо иши 2002-жылы башталган. (JsA)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *