Трамп Британияны Иранга каршы "алгачкы соккуларга катышпады" деп сынга алды
Американын президенти Дональд Трамп Британияны кайрадан сынга алып, эки өлкөнүн ортосундагы мамиле «мурункудай эмес» экенин билдирди.
Израил менен АКШнын Иранга каршы алгачкы соккуларына Лондон катышпаганы боюнча The Sun басылмасынын суроосуна жооп берип жатып, Трамп Америка Жакынкы Чыгышта аскердик операция жүргүзүү үчүн Британияга муктаж эмес экенин айткан.
Ошол эле учурда ал Британиянын премьер-министри Кир Стармер «жардам берген жок» деп белгиледи.
Трамп муну менен катар Франция жана Германияны ишенимдүү өнөктөштөр катары мактап, «азыр Европада башка өлкөлөр менен абдан жакшы мамиледебиз» деп кошумчалады.
Стармер 1-мартта АКШга Британиянын аскер базаларын коргонуу мүнөзүндөгү соккулар үчүн пайдаланууга уруксат берерин жарыялаган. Бирок бул базалар Иранга каршы алгачкы чабуулда колдонулган эмес.
Британиянын өкмөт аралык байланыштар боюнча министри Даррен Жонс Лондон мындай кырдаалдарда эл аралык өнөктөштөр менен макулдашып жана так укуктук негиз болгондо гана кадам таштай турганын билдирди.
2-мартта Стармер «менин милдетим Британиянын улуттук кызыкчылыгына эмне туура келерин аныктоо» деп белгилеген.
28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы кеңири масштабдагы операция баштаган. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, бир катар ракеталык объектилер жана аскердик инфраструктура бутага алынган.
Иран жооп иретинде Перс булуңундагы бир нече мамлекеттеги АКШ аскер базаларына ракеталык сокку урду. Мунун натыйжасында жаңжал Израил–Иран тирешинен кеңири аймактык согушка айланып кетүү коркунучун жаратты.
