Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Сауд Арабиясынан эки учак менен 210 жаран Кыргызстанга келатат

0

4-мартта Сауд Арабиясынын Жидда шаарынан эки учакта 210 адам Кыргызстанга жолго чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси Улукбек Марипов билдирди. Анын айтымында, 120 киши Ошко, 90 киши Бишкек шаарына конот.

“Биз авиакомпания өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ар бир каттамга буга чейин билети барлардан тышкары кошумча 20 орун бөлдүрдүк. Бул орундарга биринчи кезекте ооруп жаткандар, кары-картаңдар, аялдар жана жаш балдар чакырылды. Өзгөчө өтүнүч: Эгерде сиздерге тиешелүү кызматтардан атайын чакыруу келбеген болсо, аэропортко келүүдөн пайда болбойт. Азыр баарын бир учурда алып кетүү мүмкүн эмес. Аэропортко өз кезегиңиз жана чакыруу менен гана келишиңиздерди суранам”, - деп жазды элчи.

Ал мындан ары Жиддадан Ошко дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү, Бишкекке дүйшөмбү, шаршемби жана жекшемби күндөрү учак каттап туранын билдирди.

Элчи мындан сырткары Кувейттин аэропорту жабык болгондугуна байланыштуу ал жактан келе албай жаткан жарандардын маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров 5-мартта Оман мамлекетинен эки учак менен 300 киши алынып келинерин билдирген.

3-мартта Кыргызстандын Ирандагы элчиси Акылбек Кылычев Ирандагы эки кыргызстандык Азербайжандын аймагына чыгарылганын “Азаттыкка” маалымдаган.

Тышкы иштер министрлиги Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин 2-марттагы брифингде кабарлаган.

Анын ичинен 10 миңге жакын кыргызстандык Бириккен Араб Эмирликтеринде. Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге чукул.

Сауд Арабиясындагы 5 миң киши умра зыяратына баргандар жана миң киши ал жакта туруктуу жашайт.

Катарга круиздик саякат менен барган 67 кишинин виза мөөнөтү 7-мартка чейин узартылган.

ТИМ Бириккен Араб Эмирликтеринде жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын күчөтүп, соңку окуялар боюнча жергиликтүү бийликтин расмий билдирүүлөрүнө жана такталган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырган.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан сокку уруп жатат.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *