Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Баткенде мунай шахтасында эки адам каза болуп, бирөө аман куткарылды

0

Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айылындагы “Баткен Мунай" шахтасынан газ чыгып, анда калып калган үч кенчинин экөө каза болуп, бирөө аман куткарылды. Бул тууралуу 8-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, министрликке маалымат 7-мартта түшкөн.

Кырсык катталган жерде ӨКМдин Тоодон куткаруу кызматынан 13 кызматкер куткаруу иштерин аткарышкан. Каза болгон 2 кенчинин сөөгү шахтанын 200 метр тереңдигинен чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Ал эми үчүнчү адамды тирүү чыгарылып, тез жардам кызматын алып кетти.

"Баткен Мунай" жоопкерчилиги чектелген коомунун шахтасынан иске ууланган 18 кызматкер Баткен райондук ооруканага кайрылышкан. Абалдары канааттандырарлык деп бааланууда.

Куткаруучулар шахтанын 40 метр тереңдигине тосмо орнотуп, туруктуу жайгашкан ордуна кайтып келишкен. (JsA\ErN)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *