Бишкекте окуучу терроризмге шек саналып кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте окуучу бала терроризмге шек саналып кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында терроризмге каршы операциянын жүрүшүндө УКМК эл аралык өнөктөштөрү менен биргеликте борбордо орто мектептердин биринде "мугалимдерге жана окуучуларга куралдуу кол салуу мүмкүнчүлүгүн иликтеп жаткан" окуучунун аракетин аныктап, ага бөгөт койгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин (Террордук акт) 1-бөлүгү (Террордук акт жасайм деп коркутуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Бул берене менен күнөөлүү деп табылган адам беш жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.
Жашы жете электердин диний радикалдашуусу боюнча аныкталган учурларга байланыштуу УКМК ата-энелерди жана мугалимдерди балдар эмне менен алектенип жатканын, кызыгууларын көзөмөлдөп турууга чакырды. (BTo)
