Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Махабат Тажибек кызы түрмөдөн тергөө абагына которулат

0

Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” медиа долбоорлорунун жетекчиси, эки жылдан ашуун убактан бери камакта жаткан Махабат Тажибек кызы Жогорку соттун 10-марттагы чечиминен кийин жазасын өтөп жаткан мекемеден Бишкектеги тергөө абагына (СИЗО-1) которулат. Бул тууралуу журналисттин адвокаты Асел Аргымбаева билдирди.
Анын сөзүнө караганда, жактоочулар Тажибек кызын токтоосуз бошотуу тууралуу эл аралык коомчулуктун жана укук коргоо уюмдарынын сунуштарынын аткарылышын талап кылууда.

34 жаштагы журналист алты жылдык жаза мөөнөтүн Чүйдүн Степное айылындагы №2 аялдар абагында өтөп жатат.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобу Кыргызстандын бийлигин Махабат Тажибек кызын абактан бошотууга чакырган. БУУ тобунун чечимине байланыштуу Махабат Тажибек кызынын адвокаты анын ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жана толук жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган.

Жогорку сот 10-мартта Махабат Тажибек кызына карата буга чейинки чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарган. Адвокат Асел Аргымбаева билдиргендей, жактоочулардын Махабат Тажибек кызын токтоосуз бошотуу тууралуу өтүнүчүн сот канааттандырган жок.
"Туура, сот Махабатты азырынча бошото элек. Менимче, кескин кадам кылгысы келген жок, балким, кокус кимдир бирөө сот адилеттиги тез иштей алат деп ойлошу мүмкүн", - деп жазды адвокат Фейсбуктагы баракчасына.
Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген, алар менен мурда-кийин кызматташкан деген 11 журналист жана активистти Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.

Бул иш боюнча Бишкектин Ленин райондук соту 2024-жылы 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Бишкек шаардык соту 2024-жылдын 18-декабрында бул өкүмдү ырастаган чечимин чыгарган. Жогорку сот аны 2025-жылдын 25-февралында күчүндө калтырган. Журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы берилген. Калган жети адам акталган.

Эки жылдан бери абакта отурган Махабат Тажибек кызы менен Temirov LIVE долбоорунун негиздөөчүсү, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун өспүрүм уулу азыр таенесинин колунда.(ZKo)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *