Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

АКШ аскердик учагы кулаганда экипаждын төрт мүчөсү каза тапканын билдирди

0

АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) 13-мартта билдиргендей, май куюучу KC-135 учагы Ирактын батышында кулап түшкөндө экипаждын төрт мүчөсү каза тапты.“Борттогу алты кишинин төртөө набыт болгону тастыкталды, куткаруу иштери уланууда”, - деп жазды CENTCOM социалдык тармактагы постунда.

Маалыматка караганда, кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө, учак душмандын же өнөктөштөрдүн кокустан аткылоосунан кулабаганы аныкталды. Болжолу менен эки учак асманда кагылышып кеткен.

Командачылык экинчи учак аман-эсен Израилге конгонун билдирди.

KC-135 башка учактарга асманда май куюу миссиясын аткарат.2-мартта америкалык аскерлер үч F-15 истребители Кувейтте кулаганын, аларды ал өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү жаңылыштык менен атып түшүргөнүн билдиришкен.

Экипаждардын алты мүчөсү парашют менен түшүп үлгүргөн, кийин куткаруучулар аларды табышкан.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *