Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Куванычбек Конгантиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камалды

0

Бишкектин Ленин райондук сотунун 12-марттагы чечими менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиев эки айга тергөө абагына камалды. Ал 10-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалат. Бул тууралуу райондук соттун кеңсе кызматы билдирди.

УКМК 11-мартта тараткан маалыматка караганда, Конгантиев өзү менен байланышы бар адамдарды жана мекеме-ишканаларды пайдаланып, жер тилкелери боюнча мыйзамсыз схемаларды уюштурган деп шек саналууда. 10-мартта атайын кызмат кылмыш ишин козгогон. Иш кайсыл берене менен ачылганы белгисиз.

Конгантиев кармалганын УКМК 10-марттын кечинде билдирген.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-мартта өзү жазган арыздын негизинде аны мандатынан ажыраткан.

45 жаштагы Куванычбек Конгантиев 2025-жылы ноябрда өткөн шайлоодо Бишкектеги №21 округдан парламентке депутат болуп шайланып келген. Ал мандатын эмне себептен тапшырганы боюнча комментарий бере элек. Бишкек шаардык кеңешинин бир нече чакырылышына депутат болгон саясатчы мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу.
9-мартта социалдык тармактарда Куванычбек Конгантиевдин 100дөн ашык мүлкү бар экени тууралуу видео жарыяланган. Анда ал Бишкек шаардык кеңешинде депутат болуп турганда борбордогу бир катар жерлерди ижарага алып, кийин менчикке чыгарып, көп кабаттуу үйлөрдү, ар кандай имараттарды салганы айтылат. Аларды апасына жана жакындарына каттатып койгону тууралуу сөз болот.

“Азаттык” 10-мартта бул видео боюнча комментарий алуу үчүн Куванычбек Конгантиевге байланышканда кийинчерээк телефон чалып коёрун айтып, ошол бойдон байланышка чыккан эмес. Анын адвокаты же жакындары козголгон кылмыш иши тууралуу үн ката элек.
Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызматынан бошоткондон бери Элдар Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу жана Кундузбек Сулайманов депутаттык мандатын тапшырышты. Жанарбек Акаев да мандатын тапшырып, Ош шаарына мэр болду. (ZKo)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *