Абактагы Ирина Карамушкина ырайым сурап президентке кайрылды
Чүйдүн Степное айылындагы аялдар абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан мурдагы депутат Ирина Карамушкина президент Садыр Жапаровго ырайым берүүсүн өтүнүп кайрылды.
Анын адвокаты Аскар Алымкулов "Азаттыкка" 14-мартта кабарлагандай, өтүнүч кат президентке абактын администрациясы аркылуу жиберилди.
Ирина Карамушкина кайрылуусунда өзүнө тагылган айыпты мойнуна албасын, күнөөсү жоктугун билдирген:
"Ал президентке кайрылуусунда соттор жабырлануучулардын анын кылмышка тиешеси жоктугун айткан көрсөтмөлөрүнө, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө маани беришпегенин белгиледи", - деди Алымкулов.
Карамушкина №2 аялдар абагына жазасын өтөөгө 2025-жылы ноябрь айында которулган.
Ал Кой-Таш окуясы жана шайлоодогу добуш сатып алуулар тууралуу айыптоонун негизинде соттолуп, жалпы сегиз жылга кесилген.
Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси менен Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарында депутат болгон.(ZKo)
