Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Астанада добушканада "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысын полиция кармап кетти

0

Казакстандын борбору Астана шаарындагы добушканалардын биринде "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Жолдас Орисбайды полиция кармап кетти.

Азырынча журналист менен байланышуу мүмкүн боло элек.

Полициянын райондук бөлүмү Орисбайдын кармалганын ырастады. Нөөмөт бөлүмүнүн кызматкери журналист “мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап-жасабаганы текшерилип жатканын” маалымдады. Ошондой эле түшүнүк кат жазгандан кийин кое берилерин билдирди.

Informburo басылмасы Орисбай менен кошо дагы бир журналист дагы камалган болушу мүмкүндүгүн жазды.

Казакстанда 15-мартта президент Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен жазылган Конституциянын жаңы долбооруна байланыштуу референдум өтүп жатат.

Акордо жаңы Баш мыйзам замандын талабына, чакырыктарына жооп берерин билдирген. Ошол эле маалда документ президенттик бийликти чыңдап, мыйзам чыгаруу органын алсыздандырат, жарандык укукту чектейт деген сын-доомат айтылган.

Конституциялык реформа жарыялангандан кийин жаңы редакцияга каршы чыккандардын айрымдарына айып пул салынган, камалган жана кылмыш иштери козголгон учурлар болду.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *