Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Москвадагы жол кырсыгында Кыргызстандын алты жараны жабыркады

0

Москва шаарынын Калуга шоссесинде катталган жол кырсыгында Кыргызстандын алты жараны ар кандай жараат алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 16-мартта кабарлады. Маалыматка караганда 14-мартта экскурсиялык автобус жана кыргызстандыктар бараткан Volkswagen кичи автобусу кагылышкан. Жаракат алгандар Москва шаарынын медициналык мекемелерине жеткирилип, керектүү жардам көрсөтүлүүдө.

ТИМ бул маселе Орусиядагы элчиликтин көзөмөлүндө экенин билдирди.

Министрлик жабыркагандардын абалы жана кырсыктын себептерин тактаган жок. Орусиялык маалымат каражаттары кичи автобустун айдоочусу өзүн жаман сезип, балдарды ташып бараткан автобусту сүзүп алганын, жараат алгандардын айрымдарын тик учак менен алып кетишкенин жазышты.

ТИМ 2025-жылдын январына карата расмий маалымат боюнча 608 миңден ашуун кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөрүн, анын ичинен 376 миңи Орусияда миграциялык каттоого алынганын маалымдаган. (КЕ)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *