Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Асел Чынбаева ЮНИСЕФтин өкүлү менен балдар укугун талкуулады

0

Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа менен жолугушуп, балдар укугун коргоо жана алардын бакубат жашоосуна байланыштуу кызматташууну талкуулады. Бул тууралуу 16-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында балдар укуктарын коргоо системасын чыңдоого жана алардын абалына мониторинг жүргүзүү механизмдерин өнүктүрүүгө багытталган социалдык саясат боюнча программалардын жылдык иш планына кол коюлду.

Кызматташуунун алкагында балдардын укугу боюнча иш алып барган институттун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулары айтылды. Ошондой эле ар бир баланын толук кандуу өнүгүүсүнө, коргоо жана анын укуктарын ишке ашырууга шарт түзүү үчүн өнөктөштүктү улантуу маанилүү экени белгиленди.

2021-жылы Кыргызстандын жаңы Конституциясына ылайык, президенттин аппаратына караштуу Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кызматы - Балдар омбудсмени түзүлгөн. Бул кызматты Асел Чынбаева аркалайт.

Кыргызстан 2023-жылы балдар укуктары боюнча конвенциянын жоболорун ишке ашыруу боюнча отчетун берген.

Баланын укуктары жөнүндө Конвенция – бул адам укуктары боюнча эл аралык келишим. Анда балдардын укуктары жана өкмөттүн милдеттери камтылган. Кыргызстан бул келишимди 1994-жылы ратификациялаган.

Кыргызстанда балдардын укуктары Балдар жөнүндѳ кодексте, Баланын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясында, Үй-бүлө кодексинде жана Конституцияда жазылган.

Буга чейин Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды жана эл аралык өнөктөштөрдү аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алууда биргелешип иш алып барууга чакырган. (КЕ)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *