Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Кыргызстанда эки жылда кырк адамдын бөйрөгү акысыз алмаштырылды

0

Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу боюнча акысыз операция жасала баштагандан бери мындай жардам кырк бейтапка көрсөтүлдү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов 17-мартта Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Министр депутаттарга өлкөдөгү гемодиализ борборлорунда диализ эритмелерин колдонуу тартиби жана бейтаптардын коопсуздугу тууралуу маалымат берди.

Осмоновдун айтымында, 2010-жылдан бери гемодиализ алган бейтаптардын саны эки эсе өстү - 2010-жылы 2860 адам болсо, бүгүнкү күндө 4478 адам.

"2021-жылдан тартып гемодиализ кызматтарын толугу менен мамлекет каржылап келет. Өлкөдө жалпысынан 54 гемодиализ борбору иштейт, анын ичинен экөө мамлекеттик, экөө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде, калгандары менчик борборлор", - деди министр.

Дамирбек Осмонов 2018-2025-жылдар аралыгында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бөйрөк алмаштыруу боюнча 82 операция жасалганын, мындай операциялар өлкөнүн башка медициналык мекемелеринде да жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Кыргызстанда бөйрөктү акы төлөбөстөн алмаштыруу операциясы алгачкы жолу 2024-жылдын февралында жасалган. Ага чейин бейтаптар 7-8 миң долларлык мындай операциянын акысын өз чөнтөгүнөн төлөшчү.
Депутат Эдита Тайгараева бөйрөк жана башка органдарды трансплантациялоо операцияларын каржылоо үчүн калктын аярлуу катмарына багытталган мамлекеттик фонд түзүүнү сунуштады. Депутат Жайлообай Нышанов гемодиализ алган кошумча оорулары бар бейтаптарды комплекстүү дарылоо үчүн ооруканага жаткыруу кыйынчылыкка туруп жатканын билдирди.
Өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркаган 4500дөй бейтап гемодиализди жеке медициналык мекемелерден алышат, алар аутсорсинг системасынын негизинде кызмат көрсөтөт.

Мамлекет бейтаптын ар бир сеансы үчүн 6500 сомдон төлөйт жана жылына бул дартка чалдыккандар үчүн 4 миллиард сом бөлүнөт.

Буга чейин жеке медициналык мекемелердин жабдууларына, дары-дармегинин начарлыгына даттануулар катталган. Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына нааразы болгондордун кайрылуусунан кийин гемодиализ кызматын көрсөткөн айрым борборлордун лицензиясын убактылуу токтоткон.(ZKo)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *