Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

"Журналисттер төрт жыл мурда эле айткан". Салык кызматы Ташиевдерди айыптады, ИИМ иш козгоду

0

Мамлекеттик салык кызматы “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык схемалар тууралуу иликтөө жарыялап, муну атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жана анын туугандарына байланыштырды. Салык мекемеси ортомчу компаниялар аркылуу жүргүзүлгөн операциялардан мамлекет 3 млрд сомдон ашык зыян тартканын билдирүүдө. Факт боюнча Ички иштер министрлиги (ИИМ) кылмыш ишин козгоду.

Аталган ишканага байланыштуу фактыларды журналист Болот Темиров төрт жыл мурда айтып чыккан соң куугунтукка кабылган. Өзү өлкөдөн күчтөп чыгарылып, медиалары экстремисттик деп табылган. Кезинде Ташиевдер айыптоону четке кагышкан.

Төрт жылдан кийин козголгон фактылар

Мамлекеттик салык кызматына караштуу “Салык сервис” мекемеси “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келген иш-аракеттер жөнүндө кадимки журналисттик иликтөө сыяктуу баяндап берди. Материал кызматтын AISalyk Ютуб каналына 16-мартта жарыяланды.

Мекеменин адистери билдиргендей, акциясынын көбү өкмөткө таандык “Кыргызнефтегаз” ишканасы өзү өндүргөн мунайды өзүнө караштуу “Кыргыз Петролеум Компани” заводунда кайра иштетип, бензин, дизель, мазут жана газ чыгарат. Бирок өндүрүмдүн 30% он чакты ортомчу компанияга сатылып турган, менчик компаниялар болсо мунайзатты кайра эле “Кыргыз Петролеум Компани” заводуна сатып келишкен.

“Салык сервис” мамлекеттик мекемесинин башкы PR-адиси Анарбек Катаганов иликтөөдө буларга токтолду:

“Жөнөкөй суроо пайда болот: Эгер завод ишкананын өзүнө тиешелүү болсо анда ортомчулардын эмне кереги бар? Биздин адистер масштабды эсептеп чыгышты – 262 миң тонна мунай бул кеминде 10 400 бензин ташуучу машинеге туура келет. Аларды бир катарга тизсе 210 футбол талаасына батат. Мына ушул көлөмдүн баары 12 менчик компанияга берилген. Эң кызыгы заводду ким башкаргандыгында. Бул схема иштеп жаткан маалда “Кыргыз Петролеум Компани” заводун Байгазы Матисаков жетектеп турган. Ал Камчыбек Ташиевдин жээни”.

“Салык сервис” мекемеси калган компанияларга да Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары жана айылдаштары ээлик кылганын билдирүүдө.

Мисалы, ортомчу компаниялардын бирине саясатчынын иниси, экс-депутат Шаирбек Ташиев кожоюндук кылары айтылат. Ал эми даяр мунай заттар сатып алган фирмалардын бири уулу Тай-Мурас Ташиевге таандык экени такталган.

Баяндамада айтылгандай, бул схемалардын айынан беш жыл ичинде мамлекет 3 млрд 148 млн 908 миң сом кирешеден куржалак калган.

Иликтөөгө “Кыргызнефтегаз” ишканасынын жаңы жетекчилиги да түшүндүрмө берген.

“Эгер кайра иштетип, сатсак көбүрөөк пайда тапмакпыз да. Бирок муну жоюп салышкан. Бул “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун саясатына каршы келет. Мен келгенде компаниянын эсебинде болгону 1 млн 200 миң сом калыптыр. Биз кечээ күнү чуркап жүрүп араң айлыкты жаптык. “Кыргызнефтегаздын” эсебинде акча жок экен, карызга алып жүрүп жаптык”, – деди “Кыргызнефтегаз” ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Самсаалы Четинбаев.

ИИМдин реакциясы

Бул арада Ички иштер министрлиги 17-мартта билдирүү таратып, Мамлекеттик салык кызматынын видео материалдарынын негизинде Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш ишин козгогонун билдирди.

“Көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык, ишкананын айрым кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, байланышы бар компаниялар менен сүйлөшүп алып, күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу жана өткөрүү боюнча мыйзамсыз схемаларды уюштурушкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө кызмат адамдары “Кыргызнефтегаз” ААК стратегиялык маанидеги жана толугу менен мамлекеттик менчикте экенин билишип, ошондой эле анын ишмердүүлүгүн мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына натыйжалуу жүргүзүү милдети жүктөлгөнүн түшүнүп туруп, бул милдеттерге каршы аракеттенишкени аныкталган. Натыйжада айрым байланышкан компаниялар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, өздөрү жана башка жактар үчүн мыйзамсыз материалдык пайда табууга, анын ичинде салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн”, – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

ИИМдин басма сөз кызматы тактагандай, Мамлекеттик салык кызматынын адистерин тартуу менен кылмыш иштин бардык жагдайларын толук жана калыс иликтөөгө жана ошондой эле күнөөлүү адамдарды аныктап, кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө аракеттер жүргүзүлүүдө.

Журналисттердин иликтөөсү

Кызыгы, "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасына байланыштуу коррупциялык фактыларды мындан төрт жыл мурун – 2022-жылы журналисттер Болот Темиров, Тыныстан Асыпбек жана Сайпидин Султаналиев иликтеп чыгышкан. Кыргызча жана орусча жарыяланган иликтөөлөрүндө алар да атайын кызматтын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарын атап, мындан мамлекетке миллиондогон киреше түшпөй калып жатканын айтып чыгышкан.

Болот Темиров кийин башка иштер боюнча эки ирет кармалып, экинчисинде өлкөдөн мажбурлап чыгарылган. Тыныстан Асыпбек менен Сайпидин Султаналиев медианын 11 кызматкери катарында кармалып, кийин бошотулган. Темиров Live редакциясын болсо Kloop.kg басылмасы менен кошо сот экстремисттик деп жарыялаган.

Сайпидин Султаналиев “Азаттыкка” курган маегинде ошондогу иликтөөлөрүнө реакцияларды эстеди:

“2022-жылы бул тууралуу биздин журналисттер иликтеп, “Байгазы Матисаков жетекчи болгондон кийин эки күндө кантип 37 миллион тапты?” деген тема менен материал чыгарганбыз. Тилекке каршы, ал мезгилде эч ким көңүл бөлбөй койгон. Камчыбек Ташиев өзү маалымат жыйын өткөрүп, четке каккан. Журналисттерди "Кыргызнефтегазга" чакырып, пресс-тур да өткөрүп, “эч кандай мыйзамсыздык болгон жок” деген кыязда маалымат беришкен. Биз ошол айткан-айткан боюнча эле калып калганбыз. Эми Салык кызматы азыр “баатыр” болуп чыгып жатканы мен үчүн таңкалыштуу болууда. Дегеним, кезинде биздин журналисттердин сөздөрүнүн баарын калпка чыгарышкан, акыры келип, ошонун баары чын экенин моюндашты. Бул дагы бийликтин журналисттик иликтөөлөргө дыкат көз салбагандыгынын натыйжасы”.

Камчыбек Ташиев 2022-жылкы билдирүүсүндө “Кыргыз Петролеум Компани” заводунун директору Байгазы Матисаков өзүнүн жээни экенин ырастап, бирок "Кыргызнефтегазда" мыйзамсыз иштер болбогонун билдирген. Ал атайын маалымат жыйынында мунайды алып-саткан компаниялардын ишин чечмелеп да берген.

“Болот Темировдун Темиров Live аттуу сайтындагы иликтөөлөрүнөн кийин ал кармалып жатат деп айтып жатпайсыздарбы. Темиров Live сайтынын иликтөөлөрү анын кармалуусуна эч кандай тиешеси жок, бул анын жеке кылмыш иштерине байланыштуу. Темиров Live сайтынын мен жөнүндө айтып жаткандары карандай калп! Ал жерде мен коррупцияга аралашып, же мамлекеттен бир нерсе уурдап, зыян келтирген эмесмин, келтирбейм дагы. [...] Биринчиден, алар айткан маселеге менин жеке өзүмдүн тиешем жок. Экинчиден, иликтөөдө айтылып жаткан нерселер бул ошол жердеги бизнесмендердин гана жумуштары. Бул бир фирма жөнүндө айтып жатышат, андай компаниялар ал жерде ондоп саналат. Алар таза, мамлекетке зыян келтирбей иштешет”, – деген Ташиев 2022-жылдын 23-январындагы маалымат жыйынында.

Салык кызматы эмнеге мурда реакция кылган эмес?

Мамлекеттик салык кызматынын “Кыргызнефтегаз” ишканасы жөнүндөгү видеосу жарыяланган соң коомчулук Темиров Live командасынын төрт жыл мурдагы ошол иликтөөсүн эстеп, ал кезде мамлекеттик органдар ага тийиштүү чара көрбөгөнүн белгилеп жатышат.

Маалымат Камчыбек Ташиев атайын кызматтын төрагасы кызматынан алынгандан бир айдан кийинкиге туш келгени да суроо жаратууда.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек мындай пикири менен бөлүштү:

“Бул фактыларды тийиштүү журналисттер убагында ачыкка чыгарган. “Ал жерде кандайдыр бир мыйзам бузуу болушу мүмкүн” деп айтып, көйгөйгө көңүл бурдурууга аракет кылган. Бирок ал кезде эч кандай реакция болгон эмес. Бул эмненин көрсөткүчү? Тилекке каршы, Кыргызстанда кандайдыр бир коомдук-саясий процесстер бийликтин тегерегинде болот. Мурда да ошондой болгон, азыр да ошондой болууда. Азыркы жагдай Ташиевдин кызматтан алынып, чет өлкөгө чыгып кеткен окуянын эле чынжырчасынын уланышы. Депутаттардын кетиши, УКМКдагы айрым кишилердин камалышы, жаңы дайындоолор, “Кыргызнефтегаздагы” фактынын ачыкка чыгышы ошонун эле бир бөлүкчөсү”.

Айткандай эле, Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин ага жакын делген министрлер кызматтан алынып, парламентте он чакты депутат мандатын тапшырды. Анын ичинде Ташиевдин бир тууган иниси Шаирбек Ташиев да депутаттыктан кетти.

Эми болсо “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы фактылар ачыкка чыгып олтурат. Мамлекеттик салык кызматы андагы фактыларга эмнеге мурда көңүл бурган эмес?

Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” берген комментарийинде буларга токтолду:

"Силер, журналисттер да Кыргызстанда жашайсыңар да, өлкөдөгү абалды менден жакшы билесиңер. Анткени, иликтеп жүрөсүңөр. “Кыргызнефтегаз” толугу менен УКМКнын көзөмөлүндө болгон. Бул жаңылык эмес да, туурабы?! Жакшы билесиңер, биздин салыкчылар да УКМКнын тузагына илинип, камакта отурат ушул убакка чейин. “Бизнести кыйнады” деп маалымат чыгып жатпайбы, аларды да кармашканда салыкчылар барып текшеришкен. Мындайча айтканда, салык органдарынын текшерүү процесстери УКМКнын көзөмөлүндө болгон. Ошондуктан ал кезде “Кыргызнефтегазды" текшерүү мүмкүн эмес болчу. Азыр салыкчыларга мүмкүнчүлүк түзүлдү, барып текшерип, иликтеп чыгардык. Муну саясатка журналисттер эле байланыштырып жатасыңар. Бул жерде эки жол турган: же фактыны ачыкка чыгаруу же жаап-жашырып коюу. Эл саясатка айлантып жиберет деп жашырып коюу керек беле, же кеч болсо да ачыкка чыгаруу керек беле? Менимче, ачыкка чыгаруу керек болчу. Менимче, азыр ошол убакыт келди, биз ачыкка чыгардык".

Мамлекеттик салык кызматы “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы мыйзамсыз жагдайлар иликтенип бүтсө жаап-жашырылган кирешелер жана салыктык төлөмдөр толугу менен мамлекетке кайтарылат деп ишендирүүдө.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *