Добавить новость
smi24.net

World News in Kyrgyz

Новости от Russia24.pro

Russia24.pro Каталог
Декабрь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26
27
28
29
30
31

Все новости

Курултай: "Аялдарды коргоо маселеси кызыл чекке жетти"

Azattyk.org 

Бишкекте төртүнчү Элдик курултайга 700дөй делегат катышууда. Бул жолу көйгөйлөрдү айткандар менен кошо бийликтин дарегине мактоо жолдогондор басымдуу болууда. Курултайда президент Садыр Жапаров сүйлөп, аялдар менен балдарды коргоо маселесине токтолду.

Беларуста 2024-жылдын июлунан бери 569 саясий туткунга мунапыс берилди

Azattyk.org 

Беларуста 2024-жылдын июлунан бери мунапыс жарыялоонун негизинде 569 саясий туткун бошотулду. Бул тууралуу «Весна» укук коргоо борбору билдирип, эсептеп чыкты. Маалыматка ылайык, 2025-жылы АКШнын ортомчулугу менен 342 адам мунапыска чыккан. Укук коргоо борборунун маалыматына караганда, 2025-жылы мунапыс берилген 189 саясий туткун Беларустан мажбурлап чыгарылган. Алардын бири саясатчы Николай Статкевич өлкөдөн чыгып кетүүдөн баш тарткан. Андан көп өтпөй ал кайрадан колонияга кайтарылган. Статкевич 2021-жылы 14 жылга эркинен ажыратылган. Читать дальше...

“Сурак кагаздарында кандын тактары калган". КГБ архивинен эмне табылды?

Azattyk.org 

“Куугунтук курмандыктары” подкастында репрессия мыйзамы кантип ишке ашууда? Изилдөөчүлөр КГБ архивдерине кире алдыбы? Ушул тууралуу репрессия курмандыктарын актоо боюнча комиссиянын жана жумушчу топтун мүчөлөрү, тарыхчылар Аида Кубатова жана Рыскул Жолдошов менен талкуулайбыз.

Делегат Карабаева жабык жайларда адам укугу бузулуп жатканын айтып чыкты

Azattyk.org 

Бишкектеги курултайда Ош шаарынан шайланып келген делегат, адвокат Айсалкын Карабаева жабык жайлардагы адам укугуна байланыштуу маселе көтөрдү. Анда түрмөлөрдө соттолуучуларга ырайымсыз мамиле жасалган, кыйноого кабылган учурлар бар экенин айтып, президенттен чара көрүүнү өтүндү. "Жабык жайларда "өздөрүбүздүн ички эрежелерибиз бар" дешип, ооруган адамдарга бир кашык суу бербестен зар какшатышат. Ооруган адамдар сууга, дарыга муктаж, бирок бул нерсе эч кимди кызыктырбайт. Мейли алар күнөөсү менен соттолушсун... Читать дальше...

Жогорку Кеңеш илим министри кызматына Исаматованы дайындоого макул болду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 25-декабрдагы жыйынында илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына Гүлзат Исаматованы дайындоого көпчүлүк добуш менен макулдук берди. Буга чейин анын талапкерлигин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитети, Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитети жактырган. Гүлзат Исаматова 42 жашта. Буга чейин ал Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Эл аралык байланыштар жана инвестициялар... Читать дальше...

Садыр Жапаров Ысык-Көл тартылып баратканына тынчсыздануусун билдирди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Элдик курултайда климаттын өзгөрүү шартында экологияга өзгөчө аяр мамиле кылууга чакырды. Ал илимий изилдөөлөргө таянып, акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга кыскарганын билдирди. Президент бул өзгөрүүлөр өзгөчө экосистема болгон Ысык-Көлгө таасирин тийгизип жатканын, 1854-жылдан бери көлдүн деңгээли 14 метрге төмөндөп, андагы суунун көлөмү 85 миллиард куб метрге азайганын билдирди. Ысык-Көлгө куйган дарыялардын саны үч эсеге кыскарган. 1960-жылдары көлгө 100-110 дарыя куйса... Читать дальше...

Тажик бийлиги Ооганстан менен чек арадагы кагылышта аскерлер каза болгонун ырастады

Azattyk.org 

Тажикстандын Чек ара кызматы өлкөнүн түштүгүндө Ооганстан менен чек ара бекетине куралдуу кол салуу болгонун жана эки аскер кызматкери каза тапканын ырастады. Мекеме 25-декабрда тараткан расмий маалыматка ылайык, окуя бейшембиге караган түнү катталган. Маалыматта айтылгандай, үч адам Ооганстан тараптан «Сарчашма» чек ара отрядына караштуу бекет аркылуу мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өткөн. Чек ара кызматынын билдирүүсүнө ылайык, аларды кармоо аракетинде шектүүлөр куралдуу каршылык көрсөткөн. Атайын операциянын жүрүшүндө үчөө тең жок кылынган. Читать дальше...

Польша Орусиянын биометрикалык паспорту жок жарандарын киргизбей турганын билдирди

Azattyk.org 

2026-жылдын 1-апрелинен тарта Польша Орусиянын жарандарында бул өлкөгө кирүү учурунда биометрикалык паспорту жок болсо аларды киргизбей турган болду. Бул тууралуу Еврокомиссиянын расмий сайтында жазылат. Ошондой эле Польша келерки жылдын 1-январынан тарта паспортунда биочип жок болгон орусиялык дипломатиялык жана кызматтык паспорттор менен кирүүгө тыюу салат. Буга чейин ушундай эле тыюуну Дания, Исландия, Латвия, Франция, Чехия жана Эстония киргизген. Ал эми 2026-жылдын 1-январынан тарта бул өлкөлөрдүн катарын Германия, Румыния толуктаган. Читать дальше...

Орусияда Кобилжондун өлүмү тууралуу пикирин билдирген тажик жараны кармалды

Azattyk.org 

Орусиянын укук коргоо органдары тажик жаранын «улут аралык кастыкты козутуу» беренеси менен камакка алганы кабарланды. «Сова» укук коргоо борбору тажикстандык жарандын кармалышына 10 жаштагы Кобилжон Алиевдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу айткан пикири себеп болгонун билдирди. Маалыматка караганда, кармалган адам 25 жаштагы Саидназар Хожимуродов. Интернетке жарыяланган видеодо ал орой сөздөрдү колдонуп, Орусиянын жетекчилигин, анын ичинде Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкинди "ксенофобиялык кылмыштарга көз жумуп жатат" деп айыптаган. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *