Когда будет привлечен к уголовной ответственности профком Алимов Козимжон Носирович за украденную муниципальную собственность?
КР Министрлер Кабинетинин төрагасы А.У. Жапаровго
АЧЫК КАТ
Урматтуу Акылбек Усенбекович!
1. КР Президети С.Н. Жапаровдун демилгеси менен билим берүү тармагында реформалар башталып, мектеп Кембридж системасына 12 жылга өтүп жатат. Бирок, айыл мектептеринде көзөмөл жакшы болбой жаткандыгына байланыштуу окуткан сабактар боюнча билими жок, адис эмес Алимов Козим мамлекет мектебинде каалаганын жасап, билим берүү мамлекеттик стандарттарын одоно түрдө бузган. Себеби, Сураташ мектебинин мугалими Алимов Козим 2007 жылы Ош кыргыз-өзбек университетинин араб тилинен бүткөн, бирок адис болбосо дагы информатика, англис тили, физика, дене тарбия жана башка сабактардан дарс берип, билим денгээлин 43 % атайын төмөндөтүп, мамлекеттен мыйзамсыз айлык алган.
2. К. Алимов атайын мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтируу максатында диплому жана ЖОЖда алган билими жооп бербесе дагы, адис болбосо дагы мектепке мыйзамсыз ишке кирип, информатика, англис тили, физика, дене тарбия жана башка сабактардан дарс берип, мамлекеттен мыйзамсыз айлык акы алган (КР КЖК 209 бер. 4 бөл. 1 п.).
3. Алимов Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Сураташ мектебинде билим берүү мамлекеттик стандартарында көрсөтүлгөн талаптар негизинде окуучуларды окутпай, каалаганын жасап, сабактар боюнча план конспектилер жазбаган, методикалык документация түзбөгөн, ачык дарс өткөрбөй, иштелмелерин түзгөн эмес. Алимовдун артында чоң коррупционерлер тургандыктан, Алимовдан билим берүү сапатын билим берүү башкармалыгы талап кыла албай жатат.
4. К. Алимов жазган жазууларда каталар көптүгүнөн, менде суроо туулат, ал жогорку окуу жайда окуганбы, же акчасы окуганбы? Ал ошончо ката менен жазса, кандай кылып, мугалим жана профком жетекчиси кызматтарда көп жыл иштеп жатат?.. Ал балдарды кандай окутат? Өзү каталар менен жазса, окуткан балдардын билим денгээли кай даражада? Грамматикалык жана орфографиялык каталар менен жазган мугалимди эмнеге иштен албай жатышат?
5. К. Алимов “Өзүнү мыйзамдан өйдө турам”-деп эсептеп, субординация менен этиканы сактабайт, 16.03.2024 ж. жана 01.04.2024 ж. профком чогулуштарында менин атыма жалган-жалаа сөздөрдү айтып, мени кемсинтип, тилдейт. Суроо туулат мени кордоп, куугунтуктаса, К. Алимов кантип жаш муундарыбызды толеранттуулук негизинде тарбиялайт? Жаш муундарда элдин биримдигин, ынтымагын жана элдердин достугун чыңдоонун ордуна тескерисинче аларды бейбаш кылып тарбиялап жатпайбы? Ага ким кепилдик берет?
6. К. Алимов мугалим этикасын одоно түрдө бузуп, 17.02.2024 ж. 424 адам турган Сураташ айылынын ватсап группасынан мени жаман аттүү кылып, ар-намысыма, аброюма, ишмердик беделиме шек келтирип: “Рахманов Козим Алимовго эмес, бүтүндөй Сураташ элине каршы, асфальт кылынышына каршы”, 16.03.2024 ж. жана 01.04.2024 ж. мектеп профком чогулуштарында жана башка адамдарга: “Рахманов, Козим Алимовго эмес, бүтүндөй мектеп жамаатына каршы, мен мектеп аброюн сактап жатам” - деп мектеп жамааты жана эл арасында кастыкты (араздашууну) козутуу максатында мени каргап, өлүм тилеп, экстремисттик, чагым билдирүүлөр жасаган (КР КЖК 330 бер. 2 бөл. 4,5 п.). Аудиобилдирүүлөрдү тергөөгө берүүгө даярмын. “Билим берүү жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарына ылайык Мугалим өз ишинде моралдын жалпыга таанылган ченемдерин карманууга, өз беделин сактоого, башка кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана беделин сыйлоого, жарандарды жана бүтүндөй мамлекетти жаманатты кылган аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана жосундардан сактанууга тийиш. Мугалим өз ишинде Мугалим этика кодексинин талаптарын карманат.
7. К. Алимов ушул кунгө чейин жоопкерчиликке тартылбай калгандыгына байланыштуу мыйзамсыз аракеттерди токтотпой жатат. Мектептин жылытуу системасы 2022 ж. спонсор тарабынан капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Бирок, муниципалдык менчик болгон эски системанын темир трубалары, котёл, чугун батареялар февраль 2023 жылы уурдалып, жок кылынган. Ал муниципалдык менчик эски котельныйдын имаратында болгон. Ал имараттын кулпунун ачкычы К. Алимовда болгон. Себеби ал имаратта К. Алимов курулуп жаткан тигуу цехинин материалдарын сактаган. Демек К. Алимов ал муниципалдык мүлктү ким уурдаганын билет, же болбосо өзү кылмыштуу шериги болгон? Ал аз келгенсип, мектептин мурдагы директору А. Хусанбаев эккен бак дарагы кыйылган, бирок кыйылган көптөгөн отун-муниципалдык мүлк уурдалып, жок кылынган. Эмнеге муниципалдык мүлктөр уурдалып, аларды профком К. Алимов айыл өкмөткө өткөрүп берген эмес? Суроо туулат эмне үчүн муниципалдык мүлктөр уурдалып, жок кылынса, профком К. Алимов ал жөнүндө тийиштуу органдарга уурулук жөнүндө кабар бербей жатат, же өзү дагы жегенби? Себеби КР Президенти мындан ары ууру, коррупционерлер уурдаган мүлктөрдү мамлекетке кустурулат, уурулар камалат - деп айткан. Же К. Алимов Президент саясатына каршыбы? - деген суроолор элибиздин тынчын алып жатат.
Мектепте адис эмес иштеши мүмкүн эмес. К. Алимов сабактар боюнча план конспектилер жазбаган, методикалык документация түзбөгөн, ачык дарс өткөрбөй, иштелмелерин түзгөн эмес. Алимов дене тарбия сабагын сапатсыз өтүп жатканын комиссия моюнуна коюп кеткен. Алимов информатика, физика, англис тили, дене тарбия жана башка сабактарды сапатсыз өтүп, билим денгээлин төмөндөтүп жиберген. Мектепте адис эмес Алимов иштегендиктен, кайдан Кембридж системасы натыйжа берет? Мен Билим берүү министрлигинин дарегине көп жолу кайрылдым, бирок КР Билим берүү министрлиги Алимовду иштен албай жатат. Ошондуктан бул министрлик менен дагы реформа натыйжа бербесе керек. Жогоркулардын негизинде Сизден суранам:
1. Информатикадан, англис тилиден, физикадан, дене тарбиядан жана башка сабактардан билим денгээлин атайын төмөндөткөн адис эмес Алимовду мугалимдиктен бошотуп берүүнүздү.
2. Информатикадан, англис тилиден, физикадан, дене тарбиядан жана окуткан башка сабактардан окуучулардын билим денгээлин атайын төмөндөткөн адис эмес Алимовдун бардык окуткан сабактардан билим денгээлин комиссиялык текшерип, аттестациялап берүүнүздү.
3. К. Алимовду жазган жазууларда каталар көптүгүнөн, грамматикалык жана орфографиялык каталар менен жазгандыктан, К. Алимовду англис, кыргыз, рус жана өзбек тилдерден жазуусун комиссиялык тартипте, толук текшерип берүүнүздү.
4. Информатикадан, англис тилиден, физикадан, дене тарбиядан жана башка сабактардан билим денгээлин атайын төмөндөткөн адис эмес Алимовду жоопкерчиликке тартып, келтирген зыянды кустуруп берүүнүздү.
5. Уурдалган муниципалдык мүлктөрдү мамлекетке кайтарып, аларды уурдатып, айыл өкмөткө атайын өткөрбөгөн профком К. Алимовду жоопкерчиликке тартуунузду.
Алимов жумуштан бошотулуп, кустурулбаса, КР Президентине кайрылууга аргасыз болобуз.
Жепжутат К. Алимовдун курмандарынан, 13.04.2024 ж.