Орусиялык актер Михаил Ефремовго айыбы угузулду
8-июндун түнүндө актер айдап келе жаткан автоунаа каршы тилкеге чыгып, фургон менен кагышкан. Натыйжада фургондун айдоочусу, 57 жаштагы Сергей Захаров ооруканада өлгөн. Ефремов жабыркаган эмес.
Актер жол кырсык катталган жерден кармалып, соттук-медициналык экспертизага жиберилген. Кийинчерээк Москванын полициясы ал мас абалында болгонун кабарлаган. Суракка келбей койгон Ефремовду полиция үйүнөн камакка алган болчу. 10-июнда актер үй камагына чыгарылган.
Михаил Ефремов – белгилүү театр жана кино актеру, Орусиянын Эмгек сиңирген артисти. Көпчүлүккө ал сатиралык долбоорлор жана Орусиядагы 1-каналдын "Мени күт" программасы аркылуу таанымал.
