Кыргыз элинин жерин сатып мыйзамсыз байыган коррупционер Шарабидин Капаров качан камалат?
![Кыргыз элинин жерин сатып мыйзамсыз байыган коррупционер Шарабидин Капаров качан камалат?](https://123ru.net/datas/images/news/uploaded/201508675.jpg)
КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Д.А. Джумабековго
“КСДП” фракциясы жетекчиси И.Ш. Омуркуловго
“Республика-Ата-Журт” фракциясы жетекчиси Ж.К. Турускуловго
“Кыргызстан” фракциясы жетекчиси А.Б. Баатырбековго
“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы жетекчиси Б.Э. Торобаевке
“Бир Бол” фракциясы жетекчиси А.Т. Сулаймановго
“Ата-Мекен” фракциясы жетекчиси А.Т. Мамашоваге
КР ЖК Коррупцияга каршы аракеттенуу комитетинин төрайымы Н.В. Никитенкоге
КР ЖК депутаты А.Ш. Жээнбековго
КР ЖК депутаты И.И. Матраимовго
АРЫЗ (Суроо-талап)
Урматтуу Дастанбек Артисбекович!
Урматуу депутаттар!
КР Президенти С.Ш. Жээнбеков Коопсуздук Кенешинде ар бир министрлик, ар бир мекеме коррупциялык корунуштор менен системалык турдо курошу, алдын алуу жана иш-чаралар тузушу керек деп тапшырма берген.
Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын коптогон суулу, социалдык объектилердин, стратегиялык объекттердин, суу коргоо, жогорку электр линияларын коргоо, санитардык коргоо аймактардагы, жалпы пайдалануудагы жерлери, республикалык маанидеги стратегик жол боюндагы жерлери Кызыл-Кыштак айыл окмотунун, Кара-Суу райондук, Ош областтык жана Жогорку Соттун мыйзамсыз токтомдору менен жеке менчикке мыйзамдаштырылып берилип, Кызыл-Кыштак айыл окмоту тарабынан мыйзамсыз кызыл китептер даярдалган. Натыйжада кыргыз элинин ден соолугуна, омуруно, адеп-ахлагына коркунуч жаралган. Жогорку Сот, Башкы прокуратура, КР УКМК, Ш.Капаров Соттордун ал мыйзамсыз токтомдорун жокко чыгарууну ордуна “былтыйып отурушат!”. Элдин жерин сатып мыйзамсыз байыган коррупционер Ш. Капаров бизди коркутуп: “Менин артымда Матраимовдор кланы турат”- деп бизди шантаждап, куугунтуктап, “Кыргызстандан кууп чыгам”-деп жатат. Ошондуктан КР Конституциясынын 33 беренесинин, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”гу КР мыйзамынын талаптарын негизинде жана КР Финансы полициясы менен төмөнкү объектилер макулдашылганы жөнүндөгү суроо-талаптарыбызга жазуу турундо жооп беруунузду суранабыз:
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Курманджан датка, Навои кочолорунун жол боюнда курулган коррупционердин сол чонтогуно “отметка” берип, бюджетке ижара акы жана салык толобогон коптогон рекламалык щиттер жемкор Капаров созу боюнча артында турган Матраимовдор кланы же болбосо КР ЖК депутаты И. Матраимов менен макулдашылганбы?
2. №2 05.11.2019 жылкы протоколу менен айыл окмотунун башчысы Ш.Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, эки жолу соттолгон криминал С.Мамарзаев менен алдын ала ич ара суйлошуп, Б.Осмонов кочосундо жолдун боюнда жайгашкан озунун жеке менчигиндеги автоунаа ондоочу чон устканасы алдындагы 24 кв.м. муниципалдык жерди жылына болгону айына 400 сомдон ижарага берет. Бирок, криминал С.Мамарзаев батыш тарабына эки контейнер коюп, факт жузундо 24 кв.м. жерден коп муниципалдык жер тилкени мыйзамсыз ээлеп алган. Ал устакана стратегик объект - Ош шаарынын автовокзалы, республикалык маанидеги стратегик жол, Мамлекеттик маанидеги эл аралык “Достук” бажы, чек ара пунктунун алдында жайгашкан, автомашина коп каттай турган жолдо жайгашкан. С.Мамарзаев автоустаканасы алдында жайгашкан тротуарды 24 кв.м. жерин ижарага алып, тротуарды тосуп койгон. Автоустаканасы, ижарага алынган жер батыш тарабында жайгашкан эки контейнер автомашина коп каттай турган жолдун, эл коп жургон тротуардын боюнда жайгашкан, устакана алдына, тротуарга ондолуучу коп автомашиналар жана эки контейнер коюп, натыйжада тротуардын бир чети тосулуп, эл коопсуздугун ойлобой, республикалык маанидеги стратегиялык жолдун кызыл-сызыгын, тротуардын аянтын мыйзамсыз кичирейтип, градосовет мучолорун алдап, С.Мамарзаевке устакана алдына, тротуарга эки контейнер коюуга мыйзамсыз уруксат беришкен. Ш.Капаровдун жана анын Кара-Суу райондук Мамэкотехинспекция башкармалыгында башкы инспектор болуп иштеген уулу Шарабидин уулу Шадыбекдин шалаакылыгы, эл коопсуздугун ойлобогону, эл коопсуздугунан Мамарзаевдин материалдык байлыгын устун коюшканы натыйжасында, ал жерде транспорт-авариялык абал, жарандар коопсуздугуна чон коркунуч жаралган. Эгер ошол жерде автомашиналар кагылышып, же болбосо кокус адам каза болуп калса, ага туз себепчилер Ш.Капаров, Шарабидин уулу Шадыбек жана уруксат берген аткаминерлер болушат.
Мамлекеттик маанидеги эл аралык “Достук” бажы, чек ара пунктунун, Ош автовокзалы алдында жайгашкан, автомашина коп каттай турган республикалык маанидеги стратегиялык жолдун кызыл-сызыгын, тротуардын аянтын мыйзамсыз кичирейтип жолдун боюнда жайгашкан. С.Мамарзаев автоустаканасы алдында жайгашкан тротуарды 24 кв.м. жерин ижарага алып, тротуарды тосуп коюу, авариялык абалды жана адамдарды омуруно коркунуч жаратканы боюнча жемкор Капаров созу боюнча артында турган Матраимовдор кланы же болбосо КР ЖК депутаты И. Матраимов менен макулдашылганбы?
3. Андижан айылынын Курманжан датка кочосунун жол боюнда жайгашкан суу насосунун коргоо аймагында алдынкы айыл окмоттордун аткарылбай калган токтомдору (ал токтомдор жасалма болуушу, архивден чыкпай калышы да мумкун, себеби алдынкы айыл окмоттор суу коргоо зонасынан жер ажыраткан эмес, мыйзам бузушкан эмес) соттун мыйзамсыз токтомдору менен жер тилкелер мыйзамсыз ажыратылган жана Кызыл китептер даярдалып, мыйзамды одоно бузуу менен жеке менчикке откорулгон, суу коргоо зоналарында коптогон мыйзамсыз курулуштар курууга мыйзамсыз уруксаттар берилген. Суу коргоо аймагында, жол боюнда курулган ал мыйзамсыз дукон жана курулуштар жемкор Капаров созу боюнча артында турган Матраимовдор кланы же болбосо КР ЖК депутаты И. Матраимов менен макулдашылганбы?
4. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Бекмамат Осмонов кочосунун жол боюнда курулган “Россия” бензозаправкасы мыйзамсыз курулган. Себеби ал жерде “Ошшаарсууканалы”нын канализациясынын эски имараты болгон, бирок имарат жайгашкан жер тилке Кара-Суу районунун жер тилкеси болгон. Ош шаарынын мэринин мыйзамсыз токтому менен ал жер тилке жеке менчикке отуп кеткен. Себеби, бензозаправка жайгашкан жер Кара-Суу районунун жери. Бирок, Ош шаарынын мэри мыйзамсыз Кара-Суу районунун жерин Мамкаттоо башчысы жана башка кызмат адамдары менен алдын ала суйлошуп, жасалма документтер менен, Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун жер пландарын бурмалоо жолу менен Ош шаарынын жерине Кызыл-Кыштактын жер тилкесин мыйзамсыз кошуп, бензозаправкага ажыратып берет. Бензозаправка мыйзамсыз курулуп калгандыгына байланыштуу Коммунист айылынын Б.Осмонов (Ахмедов трассасында) кочосунун кесилишинде коп авариялар болуп жатат. 2018 жылы Шамшат кочосу №10 уйунун тургуну жаш бала да аварияда каза болгон. Авариялык абалды жараткан жана жол боюнда курулган мыйзамсыз бензозаправка жемкор Капаров созу боюнча артында турган Матраимовдор кланы же болбосо КР ЖК депутаты И. Матраимов менен макулдашылганбы?
5. Кызыл-Кыштак айыл окмотунун башчысы Ш.Капаров мыйзамсыз, коррупциялык жолдор менен баюу максатында Кызыл-Кыштак айылдык кенешинин торагасы Дилшод Сатвалдиев менен алдын ала суйлошуп, коомдук угуулар откорбой (Ш. Капаров жасалма коомдук угуу откорулду деп озунун дужурлоруно кол койдурушу мумкун), Кызыл-Кыштак айылдык кенешинин 26.06.2019 ж. №19-5 токтомун чыгартып, Маткасымов Азизбектин Коммунист айылынын жол боюнда жайгашкан “Айыл чарба багытындагы” 0,60 га суулу улуш жер тилкесин, айыл чарба багытында эмес жерлер: “Онор-жай, транспорт, байланыш багыттагы жерлер” категориясына которгон.
“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына ылайык айыл чарба багытындагы суулу жерлер башка категорияларына которууго мораторий киргизилген.
Жол боюнда жайгашкан айыл чарба багытындагы 0,60 га суулу жерди мыйзамсыз трансформациялоо жемкор Капаров созу боюнча артында турган Матраимовдор кланы же болбосо КР ЖК депутаты И. Матраимов менен макулдашылганбы?
6. Ош-Араван автожолунун боюнда жайгашкан коптогон гектар жерлер жана суу коргоо аймактарынын жерлери Ш. Капаров убагында мыйзамсыз жеке менчикке сатылган. Мисалы учун, Ош-Араван жолунун боюнда жана “Реми” рестораны артында коптогон жеке менчик уйлор жана курурлуштар мыйзамсыз курулган. Суу коргоо аймагында жана жол боюнда курулган ал мыйзамсыз дукон жана курулуштар жемкор Капаров созу боюнча артында турган Матраимовдор кланы же болбосо КР ЖК депутаты И. Матраимов менен макулдашылганбы?
7. Жогорку Соттун мыйзамсыз токтому менен стратегиялык объект - Туштук Аэропорт жеке менчикке мыйзамдаштырылып берилген. Мыйзамсыз жеке менчикке откон Аэропорттун жеринде 2016-2018 жылдары “Эльдорадо-Гранд” рестораны курууга эч кандай уруксат кагаздары жок курулат. Ошол мыйзамсыз курулушту “Кактус-медиа” журналисттери (https://kaktus.media/doc/390455_restoran_eldorado_grand_postroen_v_zapadnom_aeroporty_osha._chto_nedogovarivaut_gosorgany.html Ресторан Eldorado Grand построен в западном аэропорту Оша) иликтегенден кийин, 2019 жыл 4 апрельда курууга уруксат берилет. Уруксат кагаздары жок курулган объекттин мыйзамдуулугун Мамэкотехинспекция текшербей мыйзамсыз уруксат берген. Бирок ал ресторан 2018 жылда курулуп буткон. Ресторандан тышкары, Аэропорттун жеринде бир канча коп кабаттуу курулуштар курулуп жатат. Бирок, алардын мыйзамдуулугун Мамэкотехинспекция текшербей жатат. Балким артында улкон аткаминерлер тургандыктан болсо керек... Президентибиз: “Ар бир мамлекеттик кызматкердин айлыгы менен иштеткен акчасын укук коргоо органдары дыкат менен текшерип, эгерде аткаминер чыгымдарын мыйзамдулугун тушунтуруп бере албаса, ал аткаминерге мыйзамсыз байю боюнча кылмыш иши ачылып, мулктору конфискацияланууга тийиш”-деп айткан. Бирок, укук коргоо органдары Президенттин ал тапшырмасы мыйзамсыз байыган Ш.Капаровко тийиштуу эмес - деп ойлойт бекен, эмнегедир ошол кунго чейин чара корулбой жатат.
Жол боюнда жайгашкан стратегиялык объект мурдагы Аэропорттун жана айыл чарба багытындагы суулу жерлерде мыйзамсыз курулуштар куруу учун жемкор Капаров созу боюнча артында турган Матраимовдор кланы же болбосо КР ЖК депутаты И. Матраимов менен макулдашылганбы?
8. 1 ноябрь 2011 жылы кабыл алынган №191 “Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык кыргыз элинин адеп-ахлагын жана ден соолугун коргоонун артыкчылыктарынын конституциялык принциптерине ылайык ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасында кумар оюн ишин жүзөгө ашырууга чектөө киргизилген. Бирок, Ш.Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, базар баасынан ото арзан баада атайын баалатып, Ш.Капаровдун муниципалдык кызмат орду жана жеке кызыкчылыктары ортосунда тууганынын жеке кызыкчылыктардын кагылушуусу менен, озунун тууганы Маматалиев Аскар менен алдын ала суйлошуп, айыл окмотунун №140 16.12.2016 ж. токтому менен Ишкаван айылы 450 кв.м. муниципалдык имаратын 3000 сомго, 1 чарчы метрин болгону 6 сом 66 тыйында ижарага арзан берет
КР Жогорку Кенешинин №1511-1-VI 19.04.2017 ж. «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына мурда тиешелүү болгон, ижарага алынган жана менчиктештирилип кеткен жер участокторунун, имараттарынын, орун жайларынын жана курулмаларынын абалы жөнүндө” токтомун Ш.Капаров одоно бузган, себеби ал окуу корпустун имараты максаттуу багытта пайдалануусун - социалдык багыты менен ижарага берилууго тийиш эле. Бирок, Ш.Капаров Ишкаван айылында жайгашкан Ош совхоз-техникумунун 4 кабаттуу бутпогон окуу корпусун озунун тууганы А.Маматалиевке мыйзамсыз ижарага арзан баада берип. А. Маматалиев ал окуу корпусунда ар жуманын эки кунундо Короздорду уруштуруп мыйзамсыз азарттык кумар оюндарды уюштурган, жуздогон адамдарга кируу учун 50 сомдон акча алып (салык органдарында моору басылган сандуу билеттерсиз, салык толобой, онлайн касса орнотпой, салык жана монополияга каршы органдарынын уруксатысыз жана катталбай), короз оюнда утуп алган адамдан 10 % суюнчу акчасын алып мыйзамсыз байышып жатат. Ал оюндардан бюджетке салык толонбойт. Мындай мыйзамсыз иштер учун Ш. Капаровду жана Аскар Маматалиевди алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган Кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү, кумар оюндарын өткөрүү учун КР КЖК 212 бер. 1, 2 бол. менен кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу керек. Бирок, укук коргоо органдары Капаровко чара корбой, ал кумаркананы жаап салбай, салыктарын толотпой жатат. Ошондуктан Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын кумарпоздорун тейлеген, салык толобогон ал кумаркананын артында доля алган улкон аткаминерлер бар бекен деген шек жаралып жатат.
“Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө” КР Мыйзамындын талаптарын одоно бузган Ош, Жалал-Абад, Баткен областтардын кумарпоздорун тейлеген, салык толобогон кумаркананын мыйзамсыз иштеши жана кумарпоздордон алынган кумарканага кируу акчаларынын жана суйунчу акчаларынын тарифтери жемкор Капаров созу боюнча артында турган Матраимовдор кланы же болбосо КР ЖК депутаты И. Матраимов тарабынан бекитилип, алар менен макулдашылганбы? Эгерде маакулдашылган болсо, коррупциялык жолдор менен маакулдашууга уруксат берген аткаминер кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш.
Жогоруда жазылган объектилерди жана башка мыйзамсыз объектилерди комиссияга корсотууга даярбыз.
Жогоркулардын негизинде Сизден суранабыз жогоруда жазылган объектилер боюнча сиз башкарган мекеме менен макулдашылганы жөнүндөгү маалыматтарды жазуу турундо жооп беруунузду суранабыз.
О.Д. Токторалиева,
Г.М. Мирзакаримова