Как "проиграть" в Судах или незаконное узаконение незаконных действий Шарабидина Капарова
![Как](https://data.vb.kg/image/big/2018-12-20_09-25-38_962389.jpg)
КР Президенти, КР ЖК төрагасы Т.Т. Мамытовго
723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл- Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908)
АРЫЗ
Урматтуу Талант Турдумаматович!
Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаровду жана айыл өкмөт юристи Бакыт Сайдалиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуунузду суранабыз.
1. 1952 жылы туулган Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн юристи, пенсионер Бакыт Сайдалиев көптөгөн жылдар бою иштеп, эмне жакшы иш жасаган, жасап жатат, айыл аймагына, карапайым айыл элине кандай юридикалык, укуктук пайда алып келген айыл эли билбейт. Айыл аймагынын элине юридикалык кеңеш, жардам бербейт. Тескерисинче карапайым айыл элин куугунтуктап, соттошуп журот.
2. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Капаровдун муниципалдык кызмат орду жана жеке кызыкчылыктары ортосунда жеке кызыкчылыктардын кагылышуусу болуп жатат. Себеби, Ш.Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Б.Сайдалиев менен алдын ала сүйлөшүп, анын атына нотариус аркылуу ишенич кат жаздырып, Ш.Капаровдун атынан Сотко берүү акысын берген. Б.Сайдалиев Ш.Капаровдун ишенич катынын негизинде, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаровдун жеке көрсөтмөсү боюнча карапайым айыл элин куугунтуктап, бир нече жылдар аралыгында Сотко доо арыз менен кайрылып, көптөгөн айыл эли менен соттошуп журот.
Ошол эле убакытта Б.Сайдалиев Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн юристи болуп иштейт. Бирок, жергиликтүү бюджет эсебинен айлык акы алган Б.Сайдалиев факт жузундо Ш.Капаровдун жеке юристи болуп журот. Себеби, иш күндөрү, иш убакытта, жумуш ордунда болбой, Ш.Капаровдун жеке маселелери боюнча Сотторго каттап журот. Бирок, иш күндөрү, иш убакытта, жумуш ордунда болбосо дагы мамлекеттен айлык акы алат. Андан сырткары, сыйлык (премия), командировочный жана башка бюджет акчаларын алган.
Себеби, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Б.Сайдалиев менен алдын ала сүйлөшүп, бир нече жылдар бою иш убакыт табельдеринде Б.Сайдалиевдин иш убакыттарын мыйзамсыз бурмалашы, иштебеген күндөрүн жана убакытарын иштеди деп жасалмалаган, мыйзамсыз айлык акы берген.
УКМК жана прокуратура органдары иш убакыты табелдериндеги Б.Сайдалиевдин жазылган иш убакыттары жана иштеген күндөрү маалыматтары менен Ш.Капаровдун ишенимдуу өкүлү Б.Сайдалиев 2018-2020 жылдар аралыгында Д.Рахманова, О.Токторалиева, Г.Мирзакаримова, Д.Рахманов жана башка карапайым айыл эли менен соттошуп жаткан сот процесстери убакыттары, күндөрү менен салыштырышы шарт жана Ш.Капаров менен Б.Сайдалиев мамлекетке келтиришкен өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыяндын ордун толтурушу шарт.
Д.Рахманова, О.Токторалиева, Г.Мирзакаримова, Д.Рахманов жана башкалар менен 2018-2020 жылдар аралыгында ар жума бир нече күнгө сот процесстери ар башка судьяларга белгиленген. Ш.Капаровдун жеке маселелери боюнча Сот процесстери калтырылса дагы, ал Сот процесстерге Б.Сайдалиев иш убагында, иш күндөрү барып жургон. Сот процесси болбой калган күнү Сайдалиев жумуш ордунда эң кемиңде уч саат жок болгон. 1 саат Кара-Суу шаарына баруу учун, 1 саат Сотто кутуу, 1 саат Кара-Суу шаарынан кайтып келуу. Сот процесстери болгон күндөрү күн бою Сотто болот. Бирок, Сайдалиев ошол күнү, ошол сааттарда иштеди деп табельдер мыйзамсыз жасалмалап, мыйзамсыз айлык акы алган. Натыйжада, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.
3. Ш.Капаровдун факт жузундогу жеке юристи, бирок мамлекеттен айлык акы алган Б.Сайдалиев, Капаровдун жеке маселелери боюнча Сот процесстерге баруу учун, айыл өкмөт кызмат автоунаасына ажыратылган ГСМ талондорун алган болуушу мүмкүн. Себеби, КР Өкмөтүнүн №767 30.12.2011 ж. токтому менен айына 240 литр ГСМ каралган. Бирок, айыл өкмөт кызмат автоунаасына ГСМ, тетиктерине жылына 325 миң сом акча каражаты ажыратылган. Бул болсо Өкмөт токтомунда каралган куйуучу май лимитинен жүз барабар көп.
4. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Б.Сайдалиевке айыл эли менен соттошуу үчүн доо арыздарды Сайдалиевдин иш убагында жаздырып, доо арыздарды айыл өкмөт инвентаризациясында болгон компьютерде жазып, айыл өкмөт принтеринде чыгарып, жергиликтүү бюджет эсебинен алынган картридж жана кагаздарды иштеткен. Ошондуктан ал мыйзамсыз аракеттерди иликтеп, текшеруу жана тийиштуу чаралар коруу жана мамлекетке келтирген өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянды ордун толтурушу керек.
5. Ш.Капаров жана анын уулу Мамэкотехинспекция башкы адиси Шарабидин уулу Шадыбек шалаакылыгы, функционалдык милдеттерин так аткарбай жатканы натыйжасында Махамадисман Сидиков Шамшат көчөсүнүн №53 жолун мыйзамсыз жаап койгон. Ошол эле учурда, Кара-Суу райондук Мамэкотехинспекциясы тарабынан 2.09.2019 ж. №0038226 акты, №0021699 эскертме жазылган. М.Сидиковго чара корууну талап кылган кошунасын айыл өкмөт юристи Б.Сайдалиев: “Соттон арызды кайтарып ал, өзүнө жаман болот”-деп коркутуп жатат. Ш.Капаров, Б.Сайдалиев, Мамэкотехинспекция башкы адиси уулу Ш.Шарабидин уулу менен алдын ала сүйлөшүп, М.Сидиковго чара корушбой, жалпы пайдалануудагы жерди-жолду мамлекетке кайтарбай, мыйзамды одоно бузуп жатышат.
6. Ишкаван айылында мурда 5 гектар жери менен Аэропорт болчу. Госрегистр карталарында ал жер "Западный Аэропорт города Ош" деп аталган. 2000 жыл Баткен окуяларында, 2010 жыл окуяларында ал Аэропортко Бишкектен самолёттор, вертолёттор конгон. 2009 жылы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн жер адиси Хамидилло Мадалиев "Бостон" кооперативинин протоколун жасалмалап, ал Аэропортту ижарага берүү керек деп чечим чыгарат. 2011 жылы Кара-Суу райондук сотунун мыйзамсыз токтому менен ал Аэропорт болгону 111 миң сомго жеке менчикке сатууну мыйзамсыз мыйзамдаштырат. Ошол Сотто Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Капаровдун мыйзамдуу өкүлү болгон Б. Сайдалиев Аэропорт жеке менчикке сатылууга айыл өкмөтү каршы эмес жана жеке менчикке сатууну колдогон. Ош окуясынан кийин коркуп калган өзбек улутундагы болгон Шермухаммад Мирзабаев жана Зокир Хошимовдордон бул мыйзамсыз иштерде пайдаланып, алардын колу менен ал жерди мыйзамсыз сатышат. Бугунку күнү ал жерде ресторан "Эльдорадо Гранд" жана башка мыйзамсыз объекттер курулган. Бирок айылдын карапайым эли менен соттошушту өзүно кесип кылып алган Ш.Капаров жана Б.Сайдалиев Аэропортту мамлекетке кайтаруу учун Сотко бербей, тескерисинче Сотто жеке менчикке сатылышына каршы болбой, колдоп, ал жерлерге документтер жасап, Кызыл Китептерге кол коюп жатат. Аэропорттун 5 гектар жери болгону 111 миң сомго сатылып, азыркы күндө ал жердин 1 сотиги 10-20 миң доллардан сатылып жатат. Демек ал жердин базар баасы 111 миң сом эмес, 5 миллион сом Бул болсо Аэропорттун сатылышында Ш.Капаровдун жана Б.Сайдалиевдин мыйзамсыз аракеттерине укуктук баа берилиши жана мамлекетке зыянды ордун толтурушу керек.
7. Ш.Капаров жана юристи Б.Сайдалиев Төлөйкөн ооруканасы боюнча Кара-Суу райондук сотунун судьясы Ашировдун өндүрүшүндөгү айыл өкмөтүнүн өкүлү М.Мансуровдун доо арызы боюнча сотко барбай, Мансуровдун ишенич кагазын жокко чыгарып, сотко барганы жок. Прокуратура текшерген убакытта Ш.Капаров Төлөйкөн ооруканасы боюнча Кара-Суу райондук Сотуна доо арыз берет, текшеруу аяктаса, доо арызды кайтарып алат. Себеби, Соттон утуп алса, оорукана мамлекеттик мүлккө кайтарылса, Капаров алган параны кайтарышы керек. Натыйжада Ш. Капаровдун жана Б.Сайдалиевдин шаалаакылыгы, өзүнүн функционалдык милдеттерин так аткарбаганы үчүн оорукана социалдык объекттин 0,05 га жер тилкеси, мурдагы лаборатория жана сут ашканасынын имараты жасалма токтом менен мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен.
8. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаров айыл өкмөтүнүн юристи пенсионер Сайдалиев Бакыт менен алдын ала сүйлөшүп, кезектуулук тартибин бузуп, Сайдалиевке жер тилке мыйзамсыз ажыратып берүү максатында Ишкаван айылынын тургуну Мирзакаримовдордун ишеничине кирип, аларды алдап, документтерди жасалмалап, эч качан Кызыл-Кыштак айыл аймагында жашаган эмес, башка жактан болгон пенсионер Б.Сайдалиевди Кызыл-Кыштак айыл аймагына Мирзакаримовдордун үйүнө фиктивдуу каттоого койгон. Бирок, Мирзакаримовдор Ш.Капаровдун бул шумдугуна чыдабай, Б.Сайдалиевди кожолук китебинен чыгарып салышкан.
9. Ш. Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып Ишкаван айылынын айыл башчысы Абдазимов Осар менен алдын ала сүйлөшүп, иш убакыт табельдеринде О.Абдазимовдун иш убакыттарын мыйзамсыз бурмалашы, иштебеген күндөрүн жана убакытарын иштеди деп жасалмалаган, мыйзамсыз айлык акы берген. Себеби, Ш.Капаров айыл элинин улуш жерлерин кошелёктору аркылуу сатып жибергени үчүн О.Абдазимовго генерал М.Бөрүбаевке каршы сотко катышүү үчүн Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү тарабынан ишенич кагаз (доверенность) берген. О.Абдазимов ал доверенность негизинде Ишкаван айылынын жеке адамдары атынан Сотторго катышкан. Бирок, өзунүн функционалдык милдеттерин аткарган эмес. 2018-2020 жылдар аралыгында сот процесстерге катышкан. Сот процесстери калтырылса дагы, ал Сот процесстерге О.Адбазимов иш убагында, иш күндөрү барып жургон. Сот процесси болбой калган күнү Абдазимов жумуш ордунда эң кемиңде үч саат жок болгон. 1 саат Сотко баруу учун, 1 саат Сотто кутуу, 1 саат Соттон кайтып келуу. Сот процесстери болгон күндөрү күн бою Сотто болот. Ошондой эле, Бишкек шаарына КР Жогорку Соттун процесстерине барган. Бирок, Абдазимов ошол күнү, ошол сааттарда иштеди деп Капаров табельдерди мыйзамсыз жасалмалап, мыйзамсыз айлык акы алган. Натыйжада, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.
10. 2018 жылы Ш.Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, айыл өкмөттүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Ш.Сайфитдинов менен алдын ала сүйлөшүп, социалдык паспортторду жана документтерди жасалмалап, бюджеттик каражаттарды кыянаттык менен пайдаланып, максаттык багытын мыйзамсыз өзгөртүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жергиликтүү бюджет эсебинен каралган материалдык акча каражаттарын мыйзамды одоно бузуп, социалдык абалы жакшы жана өзүнө жетишерлик Ишкаван айылынын айыл башчысы О.Абдазимовго ажыратат. Анын чоң уйу, автомашинасы бар, балдары иштейт, Ишкаванда азык-тулук жана көмүр сатат. Уйунун алдынан 2 жер тилке саткан. Натыйжада, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген.
Жогоркулардын негизинде Сизден суранабыз:
1) Кызыл-Кыштак айыл өкмөт башчысы Ш.Капаровду, анын жеке юристи, бирок мамлекеттен айлык акы алган Б.Сайдалиевди жана О.Абдазимовду кылмыш жоопкерчилигине тартуунузду жана мамлекетке келтирген өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянды төлөтүүнүздү, аныкталган мыйзам бузууларга чара коруунузду.
2) Тергоо мезгилинде Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаровду жана Б.Сайдалиевди иштен убактылуу четтетип туруунузду.
3) Прокуратура мамлекеттин атынан Капаров убагында жеке менчикке өтүп кеткен Аэропорттун 5 га жерин жана Төлөйкөн ооруканасынын 0,05 га жерин, мурдагы сут ашканасын жана лаборатория имаратын мамлекеттик мүлккө кайтаруу үчүн доо арыздар менен Сотко кайрылууну.
4) Жеке кабыл алуунузду суранабыз.
Коррупционердин курмандары О.Д. Токторалиева,
Г.М. Мирзакаримова, 14 декабрь 2020 жыл
Р.S. Биз менен, биздин үй-бүлөбүз менен, биздин жеке менчигибиз менен бир нерсе болсо, Ш.Капаровду күнөөлүү деп эсептоонузду суранабыз, себеби бизди бир нече жолу Ш.Капаров жана анын балдары өлтүрөбүз деп коркутушкан.