Счётная Палата прикрывает коррупционные преступления Шарабидина Капарова
КР Президенти, Коопсуздук кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго
723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908)
АРЫЗ
1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Капаров мыйзамсыз баюу максатында көптөгөн коррупциялык схемалар тузуп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген. Биздин арыздар негизинде Эсептөө палатасын эки инспектору айыл өкмөтүнүн ишмердигин текшерди. Бирок, Эсептөө палатасын инспекторунун айтымында аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жергиликтүү бюджет эсебинен каралган материалдык акча каражаттарын мыйзамды одоно бузуп абалы жакшы жана өзүно жетишерлик тургундарына ажыратат, себеби ал акчалар эсебине айыл өкмөткө келген комиссияларга чай-пайын берет. Ошондуктан ал мыйзамсыздыкка коңүл бурбай коюнуздар, айыл өкмөтүндө каржылык мыйзам бузуу фактылары жок эсе - деп жооп берген. Бирок, бул жооп менен, бул инспектор каржылык мыйзам бузууларды текшерген ревизорбу, же жемкор Капаровго адвокатпы? -деген суроо туулат. Себеби Ош шаарынын мэриясы кызмат адамдары Кең-Сай массивиндеги жер тилкени арзан баалаганда, Ысык-Көл облусундагы бир айыл өкмөт мыйзамсыз иштерин жаап жашырган Эсептөө палатасын эки инспектору УКМК тарабынан кармалып, мамлекетке келтирген өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянды төлөшкөн. Ошондуктан 2010-2020 жылдар аралыгында Капаров тарабынан мамлекетке келтирген өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянды “долясын” алып, жаап жашырган Эсептөө палатасын инспекторлору келтирилген өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянды коррупционер Капаров менен тилектештикте төлөп берүүгө милдеттүү.
2. Кызыл-Кыштак айыл аймагы Ош шаарынын боорунда жайгашкан жерлери Кыргызстан боюнча эн кымбат жерлер болуп эсептелинет. Капаров мыйзамсыз, коррупциялык жолдор менен мыйзамсыз баюу жана мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтируу максатында Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы бардык муниципалдык ондогон гектар жер тилкелерди көзкарандысыз баалочу менен алдын ала сүйлөшүп бутум боюнча атайын арзан баада баалатып, бюджетке арзыбаган акча тушуруп. Ал жер тилкелер кошелёктору аркылуу жеке менчикке өткөндөн кийин, ал жер тилкелер 100 барабар кымбат, базар баасында кошелёктору аркылуу сатылып, ортодогу айырмасын ондогон миллион долларларды сол чөнтөгүнө салган коррупциялык схемасын ишке ашырган. Себеби Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы 5 сотик жердин базар баасы 20-40 миң доллар. Ошондой эле, Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып муниципалдык имараттарды атайын арзан баалатып өзүнүн тууганы Маматалиевке, тааныштарына арзан берип, Капаров мамлекет эсебинен мыйзамсыз байып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген. Мамлекетке келтирген өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянды аныктоо жана мамлекет бюджетине төлөтүү максатында мамлекеттик эксперт-баалочуларга баалап, Капаров келтирген зыянды төлөтүш керек.
3. Ш.Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, айыл өкмөтүнүн социалдык маселелери боюнча башкы адиси Ш.Сайфитдинов менен алдын ала сүйлөшүп, бутум боюнча социалдык паспортторду жана документтерди атайын жасалмалап, бюджеттик каражаттарды кыянаттык менен пайдаланып, максаттык багытын мыйзамсыз өзгөртүп, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жергиликтүү бюджет эсебинен каралган материалдык акча каражаттарын мыйзамды одоно бузуп социалдык абалы жакшы жана өзүно жетишерлик тургундарына ажыраткан.
4. Капаров мыйзамсыз баюу жана мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтируу максатында курулуш-ремонт иштерин смета бааларын атайын ашырып, курулуш-ремонт иштерин сапатсыз аткарып, 10 % долясын сол чөнтөгүнө ыйгарып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.
5. Капаров 2015 жылдан 2018 жылга чейин “Исмаил-Ата” фонду тарабынан курулган Бостон участкасындагы стадионду мыйзамсыз жеке адамдарга берип, (саатына 500-700 сомдон ойношкон) 2 миллион акчасын Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн банк эсебине приход кылбай, сол чөнтөгүнө тушуруп, өзүнө ыйгарып алган. 2018 ж. арызыбыз негизинде стадионду ижараге берип, ар айда 51 200 сом бюджетке акча түшүргөн. Бирок Бостон спорт аянтчасынан сол чөңтөгүнө акча тушпогондон кийин, ал стадионду жасалма жол менен карызга батырып, электр энергия, салыктан карыз кылат. 22.02.2019 ж. аукцион өткөрүп, катышкан адамдарды коркутутп, эгерде силер ал стадионду алсаныздар карызы көп, толой албайсынар деп, болгону айына 9 миң сомго арзан баада өзүнө жакын адамдарына ижарага берди. КР Мыйзамдарына ылайык, мунициалдык менчик карызы жоюлушу, аукционга карызсыз коюлушу керек эле. Бостон участкасындагы стадиондо Бостон участкасынын балдары, мектеп окуучулары акча төлөбөй, бекерге ойношу керек, бирок мектеп балдары ал стадиондо акча толоп ойнойт. Капаровдун кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө 2 миллион сом зыян келтирген.
6. Капаров өзүнүн тууганы Маматалиев Аскарды Жайыт комитетине төрага кылып шайлаткан.
2017 жылы АРИС проектине үлүш катары жергиликтүү бюджет эсебинен айыл чарба
техникаларын сатып алуу үчүн 310 миң сом ажыраткан. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 02.06.2020 ж. №22-17 токтому менен 2021 жыл бюджетинде 298 миң сом ажыратылган. 2017 жылы айыл чарба техникасы АРИС жана жергиликтүү бюджет эсебинен 1 235 300 сомго алынган. Бирок автотехника саатына 500 сомдон элге кызмат кылбай, А.Маматалиевдин атканасында иштеп, Капаров жана А.Маматалиев мыйзамсыз баюу максатында айыл чарба техникасын мыйзамсыз жеке адамдарга ижараге берип, акчасын Жайыт комитетинин кассасына приход кылбай, сол чөнтөгүнө тушуруп, өзүнө ыйгарып алышкан. Эл үчүн берилген айыл чарба техникасы эл үчүн кызмат кылбай, Капаров, А.Маматалиевдин жеке пайдасына иштеген.
7. Капаров мыйзамсыз баюу максатында №65 Сабиров атындагы мектепте фотосалон, стоматология ачып жеке адамдарга мыйзамсыз ижараге берип, 2010 жылдан азыркы күнгө чейин акчасын Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн банк эсебине приход кылбай, өзүнө ыйгарып алган.
8. Капаров №65 Сабиров атындагы мектептин тротуарын мыйзамсыз ижарага берип, тротуарды тосуп, пирожки сатуучу дүкөн койгон, ижара акысын Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн банк эсебине приход кылбай, сол чөнтөгүнө тушуруп, өзүнө ыйгарып алган. Дүкөн батыш тарабында жайгашкан автомашина көп каттай турган жолдун, мектеп окуучулары көп жургон тротуардын жеринде жайгашкан, натыйжада тротуар тосулуп, эл коопсуздугун ойлобой, автожолдун кызыл-сызыгын, тротуарды мыйзамсыз жок кылат. Ш.Капаровдун жана анын Кара-Суу райМамэкотехинспекцияда иштеген уулу Ш.Шарабидин уулунун шалаакылыгы, эл коопсуздугун ойлобогону, эл коопсуздугунан материалдык байлыгын устун коюшканы натыйжасында, ал жерде транспорт-авариялык абал, мектеп окуучулары коопсуздугуна чоң коркунуч жаралган. Эгер ошол жерде автомашиналар кагылышып, же болбосо кокус окуучулар каза болуп калса, анын туз себепчилери Капаров жана Шарабидин уулу болушат.
9. 2010 жылдан бери Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен 50-80 тийиндуу майда көмүрдү кымбат баада приход кылып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирип жатат.
10. 2009 жылы Капаров “Муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарын одоно бузуп өзүнүн тууганы А.Маматалиевке 450 кв.м. муниципалдык имаратты көзкарандысыз баалочу менен алдын ала сүйлөшүп бутум боюнча арзан баада баалатып, бюджетке жылына болгону 3 миң сом тушургон. Капаров менен Маматалиев ал имаратта мыйзамсыз кумаркана уюштурушат жана субарендага жеке адамдарга 200 миң сомдон беришет. 27.02.2021 ж. кумаркананы иштеткен Урмат биз менен сүйлөшүп: “Эже кумаркананы жазбаныз, ал жерди мен жана Ош областтык ИИБ мурдагы башчысы Малик Нурдиновдун тууганы Мурат экообуз иштетебиз, мурда милицияда иштегенбиз. А.Маматалиевке 200 миң сом ижара акы толойбуз. Айына 8 жолу кумар оюндарын уюштуруп 50 миңден айына 400 миң сом акча табабыз. Бала бакчага материалдык жардам, айылдарга түнкү жарыткычтар коюп берейлик. Азыркы күнү биз документтерди даярдап жатабыз, мартта дагы ижараге алабыз”-деп суранды. Сотто Маматалиев имаратты 2009 жылдан иштетем деген. Демек, 2009 жылдан бери Капаров жана А.Маматалиев мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө 2 миллион сом зыян келтиришкен. Кара-Суу райСотунун 13.08.2020 ж., Ош облусунун административдик Сотунун 15.09.2020 ж. чечимдери жана Ош областтык Сотунун 12.11.2020 ж. АО 05-764/20 аныктамасы менен кумаркана жабылышы каралган. Бирок, Капаров Сот токтомдорун аткарбай жатат. Прокурор Айтикулов болсо Капаров жана Маматалиевди КР КЖК 212 бер.1,2 бөл. менен кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартпай жатат. Ошондой негиздуу фактыларды айтсакда, Эсептөө палатасын эки инспектору Капаровдун мыйзамсыз иштерин “доля” алып жаап жашырып жатышат. Ошондуктан 2021 жылга чейин Капаров тарабынан мамлекетке келтирген өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянды “долясын” алып, жаап жашырган Эсептөө палатасын инспекторлору келтирилген өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянды коррупционер Капаров менен тилектештикте төлөп берүүгө милдеттүү. Жогоркулардын негизинде Сизден суранабыз:
1) Мамлекетке келтирген өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянды аныктоо жана бюджетке төлөтүү максатында мамлекеттик эксперт-баалочуларга баалап, Капаров келтирген зыянды төлөтүш керек.
2) 2021 ж. чейин Капаровдон “долясын” алып, жаап жашырган Эсептөө палатасын инспекторлору мамлекетке келтирген өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянды коррупционер Капаров менен тилектештикте төлөп берүүгө милдеттеп берүүнүздү суранабыз.
3) АРИС акчасына алынган Жайыт комитетине берилген айыл чарба техникасы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп, туура иштетилишине көзөмөл орнотуп берүүнүздү.
4) Ш.Капаров жана А.Маматалиев мамлекетке келтирген өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянды аныктоо жана мамлекет бюджетине төлөтүү максатында мамлекеттик эксперт-баалочуларга баалап, тергөө органдарына өткөрүп, Капаров жана Маматалиев келтирген зыянды төлөтүнуздү.
О.Д. Токторалиева, Г.М. Мирзакаримова, 28 февраль 2021 ж.