Мыйзамдан өйдө турам - деген коррупционер жепжутат Орозкан Токторалиевага мыйзам иштейби?
Ош шаарынын мэри Б.Ж. Жетигеновго
АРЫЗ
КР Президентинин 30.12.2023 ж. “КР айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кызыл-Кыштак айыл аймагы Ош шаарынын курамына кирген.
Кыргызстанда өтүп жаткан административдик-аймактык реформанын негизги максаты оптималдаштыруу жана кызматкерлерди кыскартып, үнөмдөлгөн бюджеттик каражаттар эсебинен карапайым айыл элинин жашоо шарттарын жакшыртуу болуп саналат. Себеби, эч кимге сыр эмес, жер-жерлердеги коррупционерлердин туугандары бюджет эсебинен айлык маяна алышып, бирок факт жүзүндө ишке келбей, айлык алышат. Бюджеттик каражаттарды азайтуу максатында Кызыл-Кыштак бюджетинен каржыланган, бирок, ишке келбей, айлык алган “өлүк жандар” алты маданият кызматкери бар, аларды кыскартып, оптимизация кылса болот. Бул менен бюджеттик каражаттарды бир нече миллион сомго азайтса болот.
Жергиликтүү бюджет эсебинен каржыланган маданият үйү жана китепкана ар дайым жабык, китептер чаң басып жатат. Депутат О. Токторалиеванын келини жана кызы факт жүзүндө ишке келбей, “өлүк жандар” болуп, иштебей, айлыктарды алып жатышат. Натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен. Китепкананы жана маданият үйүн жаап, алты штатты кыскартып, эч ким окубаган китептерди Кызыл-Кыштактагы 9 мектепке таркатса окуучулар окуйт, бюджет акчалары үнөмдөлөт.
О. Токторалиева депутаттык кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызмат абалынан аша чаап, Коммунист жана Керме-Тоо айылдарынын участковой милиционерин куугунтуктап, ага басым жасап, участковой милиционердин кабинетин басып, өзүм билемдик менен ээлеп, китепкананы ошол жерге көчүрүүгө жетишет.
Токторалиеванын мындай мыйзамсыз аракети натыйжасында чек ара аймагында жайгашкан Коммунист менен Керме-Тоо айылдарынын тургундарынын коопсуздугу, коомдук тартип камсыздалбай жатат. Себеби мурда Коммунист менен Керме-Тоо айылдарынын жаштарынын ортосундо чыр-чатак чыкканы үчүн Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2018-2019 ж. токтому менен участковой милиционердин кабинетин оңдоого акча каражаты ажыратылып, ремонттолгон. Ал кабинетда участковой жана айылбашчы ишмердүүлүгүн жүргүзүшкөн. Бирок, О. Токторалиева ал кабинетти ээлегени менен, ал кабинетта жайгашкан китепкана иштебей, Токторалиеванын кызы жана келини факт жүзүндө ишке келбей, “өлүк жандар” мыйзамсыз айлык алып жатышат. Ошол эле учурда заман талабы менен китепкана айыл элине керек эмес. Ал бир эле О. Токторалиевага гана керек, иштебей, ошол жерден мыйзамсыз айлык алыш үчүн.
Заман талабы менен айыл эли китеп окубайт, интернет аркылуу электрондук китеп окушат, интернет аркылуу маалымат алып, аудиокитептерди угушат.
Ошондуктан ишке келбей, айлык алган “өлүк жандар” алты маданият кызматкерин кыскартып, оптимизация кылса болот. Бул менен бюджеттик каражаттарды бир нече миллион сомго азайтса болот.
Кызыл-Кыштак айыл аймагында 50 миң эл жашайт. Бирок, Кызыл-Кыштакта: “Мен сага тийбейм, сен мага тийбе” - деген жаман адат болуп, маданият тармагында элге кызмат кылбаган, элге пайдасы жок, бирок коррупционерлерге пайдасы бар алты маданият кызматкери эч иш кылбай жергиликтүү бюджеттен бекерден айлык алышып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен. Президенттин жарлыгы менен Кызыл-Кыштак Ош шаарынын курамына кирди. Ош шаарында китепканалар, маданият үйлөр, театрлар, филармония жана башка маданият тармагында кызмат көрсөткөн көптөгөн маданий объекттер болуп, алар шаардыктарга кызмат кылып жатат. Биз шаар курамына киргенибизден кийин, ал маданият объектилер бизга дагы кызмат кылышат. Коррупционерлердин уюгу болгон Кызыл-Кыштактагы алты маданият кызматкерин кыскартып, мамлекетке келтирген зыянды аныктап, төлөтүш зарыл.
Жогоркулардын негизинде Сизден суранабыз:
1. О. Токторалиеванын келини жана кызы китепканада иштебей, алган айлыктарын кустуруунузду. Китепканадагы китептерди 9 мектепке таркатып, китепкананы, маданият үйүн жана алты маданият кызматкердин штатын кыскартып берүүнүздү.
2. Депутаттык мандатынан жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, мыйзамсыз аракеттенген О. Токторалиеваны депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча КР БШК кайрылуунузду. Аялдар кеңешинен чететттип берүүнүздү.
Коррупционер жепжутаттын курмандары