Кызыл-Кыштактын жер мафиясынын анабашчысы, жер саткыч, паракор Орозкан Токторалиева камалсын!
КР Президенти, Коппсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго
КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке
АЧЫК КАТ
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Биз 02.12.2023 ж. Кызыл-Кыштак айылдык кенешинин жепжутаты Токторалиеванын мыйзамсыз аракеттери жөнүндө арыз менен кайрылганбыз. Бирок, ал арыз текшеруу үчүн Кара-Суу райондук прокуратурасына берилгендиктен, ал арызды мыйзамсыз жаап коюшкан. Себеби, Токторалиева: “Менден Кара-Суу районунун жана Ош облусунун укук коргоо органдары коркот мен Ш. Капаровду жазганым үчүн” - деп айткан Ошон үчүн арызды текшерууну КР Башкы Прокуратурасы жана КР УКМК борбордук аппаратарына тапшырып берүүну суранганмын. 2021 жылы Токторалиева Орозкан Дубанаевна Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылдык кеңешине депутат болуп шайлангандан баштап мыйзамсыз аракеттер жасап, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирген.
КР Президенти с.Н. Жапаровдун демилгеси менен мурда мыйзамсыз курулган турак жайлар мыйзамдаштырылган. КР Президенти С.Н. Жапаровдун тапшырмасы менен мыйзамдаштырууга бир сом пара албай, жер тилкелер мыйзамдаштырылсын - деп айткан. Мыйзамдаштырууда коррупцияга жол берген кызматкерлер кустурулуп, кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатат. Бирок, Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин жепжутаты Токторалиева Орозкан депутаттык кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Президенттин саясатына каршы чыгып, коррупциялык схема менен Кызыл-Байрак айылынын карапайым элинен мыйзамдаштыруу үчүн 5 миң сомдон акча чогултуп, мыйзамсыз байыган.
Ошондой эле, О. Токторалиева айыл өкмөтү башчысы тарабынан берилген гумжардам буудай үнүн муктаж үй-бүлөөлөргө бербей, аны колдогондорго берип, калганын жеп койгон. Мурда айыл өкмөттөн айлык алган айыл башчы таркатса, О. Токторалиева буудай үнүн жеп коюу үчүн мыйзамсыз өзү тарткаткан. “Үндү туура таркаттым”- деп отчётторду жасалмалаган.
Мындай мыйзамсыз иштерди токтотууну талап кылсак, О. Токторалиева ватсап группалардан бизди карапайым айыл элин каргап, биз жөнүндө ушак сөздөр таркатып, айыл элин бир-бирине карама-каршы кылып жатат.
Ошол эле ватсап группалардан О. Токторалиева карапайым айыл элин ар кандай мыйзамсыз митингге чыгуусун талап кылып, Президент саясатына каршы чыгып, чек ара аймагында ар кандай чыр-чатак чыгарышы, улуттар аралык кастыкты козутушу мүмкүн.
Депутаттык мандатынан жана депутаттык кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жаткан жепжутат О. Токторалиева кылмыш жоопкерчилигине тартылып, кустурулуушу зарыл.
Өзүнү “Мыйзамдан өйдө” турам - деп эсептеген жепжутат О. Токторалиеванын мыйзамсыз иштерин изилдеп жатып, О. Токторалиеванын кылмыштуу иштерине көз жумуп, балким жеке кызыкчылыгын көздөгөн артында турган колдоочулары тарабынан мыйзамсыз корголуп жатат - деген тыянакка келдик. Жазасыздыктын натыйжасында О. Токторалиева кылмыш жасоо жолуна системалуу түрдө түшкөн, мунун өзү аны оңдоо, кайра социалдаштыруу жана жаңы кылмыштарды болтурбоо жолуна түшпөгөндүгүн айгинелейт. Президент С.Н. Жапаров мамлекет акчасын жеген коррупционерлерге каршы аёосуз күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатын жана УКМКнын төрагасы К.К. Ташиев: “Эми өлкөдө коррупционерлерди тамыры менен жок кылабыз, коом тынч уктасын” - деген сөзүн эске алуу менен, О. Токторалиевага карата кылмыш иштерин көзгөп, сөзсүз камалышы зарыл - деп эсептейбиз. Алдынкы арыздарыбыз боюнча тергөөчүлөрдүн чыгарган “баш тартуу” токтомдору жокко чыгарылып, кылмыш иштери жазаны катаалдаштыруу жана реалдуу жаза алуу багытында тергелиши керек. Президент С. Жапаровдун жарыялаган гумандаштыруу О.Токторалиева тарабынан мамлекеттин акчасын системалуу түрдө жеп, жарандарга жана коомго каршы кылмыш жасоого түрткү катары кабыл алууда.
КР Президенти С.Н. Жапаров: “Мындан ары коррупционерлер келтирген зыянды 10 эсе төлөйт”-деп айтса, КР УКМК төрагасы К.К. Ташиев: “Мындан ары коррупционерлер келтирген зыянды гана төлөбөй, мүлктөрү конфискацияланып, сөзсүз камалат”-деген. Бирок, “гумандуу” паракор тергөө жана сот аны аткарат бекен?.. Жогоркулардын негизинде Сизден суранабыз:
1. О. Токторалиеваны КР КЖК 210 бер. 3 бөл, 4 бөл. 2 п, 209 бер. 3 бөл, 4 бөл. 4 п, 346 бер. 1 бөл, 379 бер. 1 бөл, 336 бер. 1 бөл, 337 бер. 2 бөл. менен кылмыш жоопкерчилигине тартып, коомдон изоляциялап, камап, мүлктөрүн конфискациялап келтирген зыянды өндүрүп берүүнүздү
2. О. Токторалиева: “Кара-Суу районунун жана Ош облусунун укук коргоо органдары менден коркот, себеби мен Ш. Капаровду жазганмын”-деп айткандыктан, тергөөнү КР Башкы Прокуратурасы жана КР УКМК борбордук аппаратына тапшыруунузду.
3. Депутаттык мандатынан жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, мыйзамсыз аракеттенген О. Токторалиеваны депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча БШК кайрылуунузду. Аялдар кеңешинен чететтип берүүнүздү.
Жер саткыч, коррупционер жепжутаттын курмандарынан, 06.01.2024 ж.