Лондондо бычак менен кол салган адамдын тек-жайы аныкталды
Лондондо көчөдөгү элге бычак менен кол салган адамдын тек-жайы аныкталды. Ал 20 жаштагы Судеш Амман болгонун полиция билдирди. 2-февралда Британиянын баш калаасынын Стритхэм районунда жан кечтинин курун тагынган адам көчөдөгү адамдарга бычак менен кол салып, үч адам жабыркаган. Окуя болгон жерге келген полиция кылмышкерди атып өлтүрдү. Судеш Амман 2018-жылы террорчулукка байланыштуу кесилип, жакында эле абактан чыкканы маалым болду. Ал мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкканына байланыштуу кол салган маалда да полициянын көзөмөлүндө болгон. Читать дальше...