smi24.net
Azattyk.org
Февраль
2022

Новости за 17.02.2022

Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын өкүлү менен кызматташтыкты талкуулады

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви менен жолугушту.  Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай,  Жапаров энергетика тармагын колдоо жана чыңдоо боюнча кабыл алынып жаткан чаралар, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорду өнүктүрүү демилгелери тууралуу айтып берди.   "Дүйнөлүк банк өнүгүүнүн маанилүү багыттарында өлкөгө олуттуу колдоо көрсөткөн стратегиялык өнөктөш болуп саналат. Биз... Читать дальше...

Мурдагы депутат Абдурахман Абдуллаев Жогорку сотко кайрылды

Azattyk.org 

2010-жылдагы Июнь окуясы үчүн айыпталгандардын бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдурахман Абдуллаевдин адвокаты аны актоону өтүнүп Жогорку сотко кайрылганын мекеменин басма сөз кызматы 17-февралда ырастады. Маалыматта айтылгандай, адвокаттын көзөмөл арызын кароо боюнча кийинки отурум 28-февралга белгиленди. Абдуллаев 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Жалал-Абад облустук сотунун 2011-жылдын 28-октябрындагы өкүмү менен ал жана Халилжан Худайбердиев аттуу адам 20 жылга... Читать дальше...

АКШ жана НАТО: орус аскерлеринин артка тартылганы байкала элек

Azattyk.org 

АКШ менен НАТО уюму Орусия аскерлерин Украинанын чек арасынан артка тартканы байкалбаганын жарыялап, кол салуу коркунучу дале сакталып турганын билдирди. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти менен Ак үйдүн маалыматтарында айтылды. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 16-февралда альянстын коргоо министрлеринин Брюсселдеги отурумунан кийинки басма сөз жыйынында, Орусия менен Украинанын чек арасындагы кырдаал Европадагы коопсуздук маселесин козгогонун айтты. Отурумда уюмга мүчө... Читать дальше...

Жалал-Абад: Наристенин өлүмүнө айыпталган өгөй атанын иши каралууда

Azattyk.org 

Жалал-Абад облустук сотунда бүгүн, 17-февралда 2,5 жашар кыздын өлүмү боюнча иш каралды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна жабыркаган тараптын жактоочусу Нурислам Раимжанов билдирди. Анын айтымында, облустук сотко райондук соттун өкүмүнө каршы апелляциялык арыз менен прокуратура кайрылган жана адвокат катары бул арызды ал өзү да колдойт. Көзөмөл органы кыздын өлүмүнө айыпталып жаткан адамга берилген жаза жеңил болуп калганын жүйө келтирген. Бүгүнкү отурумда  адвокат Раимжанов билдиргендей, айыпталуучу жана кыздын мыйзамдуу өкүлү суралды... Читать дальше...

Депутат Орусияда 201 кыргызстандык баңгизат менен кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков 2021-жылдын алты айында Орусияда 201 кыргызстандык баңгизат менен кармалганын бүгүн, 17-февралда парламенттин жыйынында билдирди. Алардын көбү мектепти жаңы бүтүп барган жаштар экенин кошумчалады. "Алты айда баңгизатты сатты, даярдады деп 201 бала кармалыптыр. Алар ошол бизнесте жүрөт дейсизби? Болгону жумасына 10-15 миң рубль беребиз деген кулактандырууларды окуп алып, шылуундардын торуна илинип, балдарга убал болуп жатат. Мигранттардын укуктук аң-сезимин... Читать дальше...

Кыргызстан Орусия менен поезд каттамын жандандырууну сүйлөшөт

Azattyk.org 

Кыргызстандын Министрлер кабинети Казакстандын аймагы аркылуу темир жол каттамын жандандыруу боюнча түшүндүрмө берди. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 15-16-февралда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун 1-жыйыны болуп өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султанов төрагалык кылды. Жыйында 2022-жылдын... Читать дальше...

Өкмөт 17 медициналык окуу жайды жаба турган болду

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү медициналык багытта билим берген 24 окуу жайдын он жетисин жабууну көздөөдө. Саламаттык сактоо министрлиги алардын талапка жооп бербей турганын айтууда. Кыргызстандагы медициналык окуу жайлардын санын кыскартуу демилгесин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айтып чыкты. Ал "Азаттыкка" курган маегинде өлкөдө медициналык багытта билим берген 24 окуу жайдын 17си жабыларын айтты. “Азыр бул бизнеске айланып, колунан келгендердин баары эле институт-университет ачып алды. Читать дальше...

18-февралдын аба ырайы

Azattyk.org 

18-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.  Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0…5; Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз 0…5; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…+4; Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -3…+2; Бийик тоолордо түнкүсүн -29…-34... Читать дальше...



Министр медициналык окуу жайларды жабуу тартибин түшүндүрдү

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менчик медициналык окуу жайларды жабуу тартибин түшүндүрдү. Ал "Азаттыктын" суроосуна жооп берип, 17 окуу жайга кат жөнөтүлгөнүн, 1-апрелге чейин клиникалык базасын комиссияга көрсөтө албагандардын лицензиясы алынарын билдирди. "Клиникалык база боюнча 086 деген маалымдаманы биз беребиз. 3-курстан баштап клиникалык базасы болушу керек. 1-апрелге чейин алар биздин комиссияга клиникалык базасын, оорукана, гистология, өлүккана, анатомия бар деп далилдеп бериши керек. Читать дальше...

Түркияда сабалган кыргызстандык келинге укуктук жардам көрсөтүлүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу Түркияда күйөөсү сабаган келинге укуктук жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, консулдук зомбулук көргөн кыргызстандык келин менен телефондон байланышып, анын Түркияда жүрүүсүн мыйзамдаштыруу боюнча кеп-кеңешин берип жатат. "Аталган факты боюнча Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу Кыргызстандын А.Р. аттуу жараны менен телефон аркылуу байланышты. Учурда эч кандай көйгөйү жок экенин билдирген. Читать дальше...

Түркмөн оппозициясы "мураскер шайлоого" каршы

Azattyk.org 

Түркмөндөр мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону алдын ала даярдалган  “Сердар шайлоосу” деп аташууда. Ошол себептүү бозгундагы түркмөн оппозициясы чет өлкөлөрдө атаандаш шайлоо өткөрүүнү көздөп жатат. Бийлик президенттин уулу Сердар Бердымухамедовдун талапкерлигин көрсөтөрү менен оппозиция бийликтин атадан балага өтүшүнө жол бербөөгө чакырык таштады. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Халк Маслахатынын кезексиз жыйынында бийлигин тапшырып, жаштарга орун бошоторун айткандан... Читать дальше...

Бекешев курулуштардын мыйзамдуулугун текшерүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаарында жашылдандыруу иши колго алынбай жатканын сынга алды. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-февралда парламент жыйынында айтып чыкты. Ал "Экологиялык коопсуздук" жөнүндө мыйзам аткарылбай жатканына токтолду. “Бишкек шаарында жашылдандыруу иши колго алынбай, курулуштар чаржайыт жүрүүдө. Жарлыктагы талаптарды аткаруу боюнча көзөмөлдү күчөтүү керек. Муну менен катар Жогорку Кеңеш да калаадагы мыйзамсыз курулуштар боюнча комиссия түзүп, текшерүүсү кажет”, – деди. Читать дальше...

"Куугунтук токтосун!" Медиа коомчулук сөз эркиндигине кабатыр

Azattyk.org 

Кыргызстандагы медиа уюмдар өлкөдө сөз эркиндиги жана жарандардын конституциялык укуктары коркунучка кабылды деп тынчсызданышууда. Журналистика тармагында эмгектенгендер жана жарандык коом өкүлдөрү билдирүү таратып, бийликти иликтөөчүлөргө жана активисттерге басым жасабоого чакырышты. 15-февралда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы мыйзамдуу болгону тууралуу биринчи инстанциядагы чечимди күчүндө калтырды. Ошол эле учурда сот милиция өкүлдөрү аны кармоодо Кылмыш-жаза кодексинин нормаларын бузган деп тапты. Читать дальше...

"Украиндер өз жерин коргоп калат"

Azattyk.org 

Батыш лидерлери Орусия Украинага кайсы маалда болбоcyн кол салышы ыктымал экенин эскертүүдө. Москва Беларустагы машыгууларга катышкан аскердик техникасын чыгарып кетип жатканын билдирди. Бул Киев менен Москванын тиреши дипломатиялык жолго ыктаганын айгинелейби же тескерисинче Орусиянын кезектеги "оюнубу"?





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *