COVID-19: Бир күндө 35 бейтап катталды, эки адам каза болду
Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү, 20-февралдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан эки адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2944 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 35 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (19 адам). Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 200 миңден ашты. Кыргызстанда COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганы 12-январда расмий айтылган. 19-январда катталгандар 870ке жеткен. Читать дальше...