ЖК комитети Атыр Абдрахматованы акыйкатчы кызматына жактырды
Парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети юрист, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын мурдагы орун басары Атыр Абдрахматованынын талапкерлигин акыйкатчы кызматына көрсөтүүгө макулдук берди. Мунун алдында анын талапкерлигин "Ата-Журт - Кыргызстан", "Ишеним", "Ынтымак" жана "Бүтүн Кыргызстан" фракциялары жактырган эле. Буга чейинки акыйкатчы Токон Мамытов былтыр октябрда парламенттик шйлоого катышканына байланыштуу кызматынан кеткен. Читать дальше...