Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Февраль
2022

Билим берүүнү түп-тамырынан алмаштырууга мезгил жетти

0
Билим берүүнү түп-тамырынан алмаштырууга мезгил жетти

Салман Хандын “Дүйнө мектеби” китеби кыргыз тилине которулду. Бул китеп каалаган адамга, каалаган жеринде дүйнөлүк деңгээлдеги акысыз жеткиликтүү билим берүү феномени жөнүндө.

Китептин котормосуна Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева баш сөз жазып, кыргыз тилинде жарык көргөн бул китеп билим алууда калыптанып калган көз карашты түп-тамырынан өзгөртөрүн белгилеген.

Надянын окуясы

Атактуу агартуучу жана ишкер, 2012-жылы дүйнөдөгү 100 таасирдүү адамдын катарына кирген Салман Хан АКШнын Жаңы Орлеанына келип отурукташкан мигранттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Бангладештин Барисала, ал эми энеси Индиянын Калькутта шаарынан келген эле. Салман Хан математика, электротехника, компьютердик илим боюнча магистрдик даражага ээ.

Салман Хандын альтернативдүү билим алуу, болгондо да планшеттен алуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгышына жээни Надя себепкер болгон. Салмандын үйлөнүү үлпөтүнө келген 12 жаштагы Надя менен баарлашканда, анын математикадан болгон тесттин жыйынтыгынан басынып, өзүн өтө төмөн баалап турганын билет. Ал канчалык аракет кылса дагы математика сабагын өздөштүрүүдө эч майнап чыкпай кыйналып жатканын билет. Эгерде ийгиликтүү окубаса, улам артта кала берүүсү шексиз экендигин сезген Салман, анын апасына Надяны аралыктан (жээни Жаңы Орлеанда, Салман Бостондо жашайт эле) окутам деп убадасын берет.

Надяга өзүнө ишенүүгө, өз алдынча билим алууга жардам берип, өзүнүн күчүнө ишенимин кайтарып келүүгө шарт түзүү зарыл болчу. Ошентип алгачкы интернет аркылуу математиканы окутууну баштаган.

Албетте, алгач кызга да, Салманга да өтө оор болгон. Бирок натыйжасы өтө жогору болду. Надя математиканы эң мыкты өздөштүрүп, өзү каалаган окуу жайына өттү.

Салмандын телефон, скайп анан барып YouTube каналына иштеп чыккан сабактарын учурда миллиондогон адамдар пайдаланып, ал сабактар 51 тилге которулуп, анын ичинде 51-котормо болуп кыргыз тилине которулганын баса белгилегим келет.

Демек, 51 тилде планетанын балдары, анын ичинде кыргыз балдары эң жогорку сапаттагы билимди планшеттен, телефондон алып, болгон кемчиликтерди жоюп, өнүгүүнүн ири мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Сапаттуу билим алууга баарынын эле шарты жок

Салман Хан өзү иштеп чыккан онлайн платформадагы предметтерди таанып билүү жана үйрөнүү сабактарынын мыктылыгын атактуу Билл Гейтс баалап, колдоп жана өз балдарын ушул платформа аркылуу окутуп жатканын сыймыктануу менен айтып чыккан.

Эгерде Билл Гейтс сыяктуу атактуулардын балдары ушул жерден билим алып жатса биз эмнени күтүп жатабыз? Эгерде биз издеген нерселердин бардыгы эчак эле даяр жана бекер болсо, дагы эмнени ойлоп чыгышыбыз керек?

Планетаны COVID-19 каптап, айласыздан аралыкта окутуу солгун темпте болсо да жүрө баштаганда, Салман Хан түзгөн окутуунун онлайн платформасы – "Хан Академия" сокурга көз табылгандай эле болду.

Ал эми кыргыз тилинде жарык көргөн бул китеп билим берүүгө жана билим алууда калыптанып калган, мугалимден, мектеп партасынан башка жерден билим алууга болбойт деген көз карашты түп-тамырынан бери өзгөртөт.

Окуучу өткөн сабактардан ар кандай себептер менен өксүп жетише албай калса, эми "Хан Академиянын" YouTube каналы аркылуу каалаган учурда, каалаган шартта, каалаган сабактан билим алса болот. Айрыкча так илимдер боюнча эң мыкты сабактар бар. Кыргызстан экономикалык өнүгүүгө муктаж. Учурда сапаттуу билим алууга бардык эле окуучулардын шарты жок. Бирок дүйнөлүк эмгек рыногу өтө катаал талаптарды коюп жатат.

Башкача айтканда, акыл эмгеги, технологияларга жана аны жарата алган жаратмандарга абдан муктаж. Биздин өлкөдө Надя сыяктуу окуучулар өтө эле көп. Алар ата-энеси миграцияда жүргөн жүз миңдеген окуучулар, турмуш түйшүгүн эрте моюнуна илип, үй-бүлөсүнө көмөктөшүп иштеген балдар. Жакырчылыкта жашаган балдар өтө эле көп.

Алар борбордогу баасы кымбат, шарты мыкты мектептерде билим алуусу дегеле мүмкүн эмес. Борборубуздагы Ош базары, "Дордой" ж.б базардан баштап, элеттеги, тоо ичиндеги иштеген балдарды байма-бай кездештиребиз. Алардын билим алуусу үзгүлтүккө учурап жатат. Ал эми тышта миграцияда жүргөн балдарчы? "Хан Академия" YouTube каналынын өзгөчөлүгү дал ошол балдарга өз алдынча билим алууга толук шарт түзгөндүгүндө. Бул китепти ар бирибиз окуп, жыйынтык чыгарышыбыз керек.

Эмне үчүн даяр нерсени пайдаланууга багыт албайбыз?

"Хан Академия" онлайн платформасынан билим алуу өтө деле кымбат эмес. Ал бардыгына тегиз жеткиликтүү. Интернет жок жерде да иштөө мүмкүнчүлүгү эске алынган. Ал же бул деген шылтоонун баарына жообу чечилген. Баса, учурда дайым айтылып келген, мыкты мугалим жетишсиздиги дагы чечилген. Каалаган ар бир инсан талаадан, түздөн, шаардан, айылдан, тоодон, ооруканадан билим ала алат. Бул иштелип чыккан сабактарды пайдаланууга, билим алууга биздин мугалимдерди туташ үйрөтүү зарыл жана окуучуларга милдеттүү түрдө пайдаланууга багыт беришибиз керек. Айрыкча айрым методикалык жабдуулары же тажрыйбалары жетишпеген мугалимдер үчүн Салман Хандын предметтик тасмаларын пайдалануу чоң олжо жана тез жемишин берет деп ишенем. Болгону пайдаланууга эрк гана керек. Эмне деген ири өлчөмдөгү суммалар донорлордун колдоосу менен келип жатат жана ал эмгиче өз жемишин бере элек деген коомдун дооматтарын угуп эле жатабыз. Эмне үчүн ошол донорлордун каражатына ушул технологияларды колдоп, даяр нерсени пайдаланууга багыт албайбыз?

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 пандемиясынын дагы белгисиз убакка чейин уланарын белгиледи. Мындай шартта балдарга сапаттуу билим берүүнүн бирден бир жолу болгон Салман Хандын YouTube каналы дагы билим тасмаларын пайдалануу менен окуучулардын билим алуудагы өксүктөрүн толтуруу зарыл. Биз уялбай эле ал материалдарды кыргыз тилине которууну мамлекеттик деңгээлде колго алышыбыз керек.

Кыргызстан ар дайым тобокелчиликте турган өлкө. Чек ара, табигый кырсыктар, миграция, жаңы диний чектөөлөр шартында мындай аралыктан окутуу даяр технологияларын пайдалануу учурдун кечиктирилгис талабы. Китепти окугандан кийин, билим алууга, берүүгө болгон саясатты, мамилени жана багытты түп тамырынан бери өзгөртүү зарылдыгын түшүнөсүздөр.

Өнүгүүнүн чакырыгы

Кыргызстандын эң башкы байлыгы, болгондо да кайталанып орду толуп тура турган байлыгы – адамдары. Өлкөбүздү байытып, өнүктүрүп өргө сүйрөй турган фактор жана дүйнөлүк ареналарда теңтайлаша турган ири күч сапаттуу адам ресурсуна көз каранды. Бул – өнүгүүнүн чакырыгы. Биз бул чакырыкка жооп бергенге даярбызбы? Албетте, жок. Креативдүү экономика, STEMге негизделген акыл технологияларынын атаандаштык доору келе жатат. Анда стандарттык ой жүгүртүүдөн алыс, чыгармачыл, сынчыл ойлому терең, жогорку коммуникациялык жана креативдик көндүмдөргө ээ болгон адистерди даярдоо зарыл.

ЖОЖду, мектепти бүткөн жаштардын аткаруучулук сапатын калыптандырбастан, лидердик сапатын калыптандыруу, плюралисттик пикирин кабыл алууга багыт алууда Салман Хандын педагогикалык технологиялары баа жеткис. Жөпжөнөкөй жол менен жөнөкөй адамдардын жүрөгүнөн түнөк алды. Турмушка көз чаптыралычы: физика, математика, геометрия предметтерин билген эмесмин, дегеле окууга кызыккан жок элем деген эчендеген жаштарыбыз эң мыкты куруучу, сантехник, электрик болуп иштеп жүрүшөт. Билим берүүнү түп-тамырынан бери алмаштырууга мезгил жетти, анткени жаңы сабаттуулук доору келди.

Китептин автору тууралуу

Салман Хан - америкалык агартуучу жана дүйнө элине онлайн билим сунуштаган акысыз платформа Khan Academy уюмунунун негиздөөчүсү. 1976-жылы 11-октябрда АКШнын Луизана штатында (атасы Бангладеш, апасы Индиядан келген) мигранттын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Grace King High School мектебинде окуп жүрүп, мектеп гезитинде карикатурист болуп иштеген. Кээ бир классташтары түрмөгө барышса, кээ бир классташтары эң алдыңкы университеттерде окушкан.

Дүйнөнүн эң алдыңкы университеттери Массачусетс Технологиялык Институту жана Гарвард университетинен математика, электротехника жана компьютердик билим боюнча бакалавр, компьютердик билим – магистр даражаларына ээ болгон. Oracle компаниясында жана Силикон өрөөнүндөгү стартаптарга инвестиция тартуу жана инженерия тармактарында иштеген. “Хан Академияны” түптөгөнгө чейин хедж фонддо венчур капиталист (инженер-финансист) катары иштеген. Бостондо жашап жүргөндө, Хан өзүнүн жээнине математика сабагынан жардам берип, убактысы тардыгынан сабактарды видеого тартып, YouTube каналына жүктөп турууну сунуштайт. Видеосабактарды миллиондогон адамдар кызыгуу менен көрүп, татаал математикалык формулалардын жөнөкөй түшүндүрүлгөндүгү көпчүлүктү дароо өзүнө тарткан. Окуучулар жана алардын ата-энелеринен ыраазылык каттарын ала баштаган.

Алар мектептеги татаал, түшүнүксүз формулаларды Хандын видеосабактарынан оңой эле түшүнүп алышкандыктарын жазышкан. Бул ой-пикирлер Хандын пландарын кескин өзгөртүп, өз жумушун таштап, окуучуларга зарыл болгон видеосабактарды жаратууга бардык убактысын жумшоого түртөт. Ошентип беш "Хан Академиясын" негиздейт. 2021-жылдын июль айына карата “Хан Академиясынын” YouTube каналына 8035 видеосабак жүктөлүп, 6,7 миллион адам жазылып, 1,8 миллиарддан ашуун жолу көрүлгөн. 2012-жылы TIME журналы Салман Ханды дүйнөнүн эң таасирдүү 100 адамынын катарына кошкон. Ошол эле жылы, Forbes журналы “1 триллион долларлык мүмкүнчүлүк” повести менен өзүнүн мукабасында Ханды чагылдырган.

 

Китепте ар кайсы өлкөдөгү билим берүү моделдерине токтолуптур, мени айрыкча "прус модели" ойлонтту. Учурда мезгил, доор, экономика, технология өзгөргөн заманда дагы эле инсанды калыптандырууда жаратмандарды эмес аткаруучуларды даярдоого, инсандын эркиндигине эмес, аларды башкарууга ыңгайлашкан, көп түрдүү ой жүгүртүүгө эмес, бир тараптуу гана көз карашка ээ, жеке позициясы жок, ээрчиме мүнөз калыптоого багытталган консервативдүү жана императивдүү ыкманын туруктуу жашап келе жатышы кооптондурбай койбойт.

Сөзүмдүн аягында коомдун ар бир мүчөсү ушул китепти сөзсүз окуп чыгуусун сунуштайм. Келечектен көптү үмүттөндүргөн жаштарды тарбиялап өстүрөбүз десек, замандын талабына жооп берүү зарыл. Билим берүү министрлигин бул китептин автору тарабынан иштелип чыккан, жакында эле кыргыз тилине которулган "Хан Академиянын" предметтик иштелмелерин, сабактарын ар бир мектепке, окуучуга жеткирүүгө бирге аракет жасоого чакырам.

Бул китепти которуп басып чыгарууга аркасынан түшүп шымалана изденген "Китепстан" басма үйүнүн жетекчиси Бакытбек Абдуллаевге, кыргыз тилине которуп элибизге жеткирген котормочу Алтынай Токтоматовага терең ыраазылыгымды билдирем. Планетанын, өлкөбүздүн келечеги билимдүү гана инсандардын колунда экенин унутпайлы! Элибизде "Биз эмнени эксек, ошону алабыз" деген макал бар. Жаштарга билим үрөнүн гана себели, алардын өсүп-өнүгүүсүнө болгон мүмкүнчүлүктү багыттайлы.

Роза Отунбаева, экс-президент

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.







Вебкам-студия MONTANA в Санкт-Петербурге

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Родители 240,5 тыс. детей в Московской области получают единое пособие

АНДРЕЙ БЕЛОУСОВ И "СВЯТОЙ ЛЕНИН" ОТКЛЮЧАЮТ НАСТОЯЩИХ ПИРАТОВ?!

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Более 12 тысяч жителей Москвы и Московской области получают повышенную пенсию за работу в сельском хозяйстве


Новый рекорд России: медитация Relax FM объединила 1699 человек

Продолжая добрые традиции: отель Yalta Intourist подарил праздник воспитанникам подшефного центра

Главный врач клиники микрохирургии глаза АйМед Элина Санторо: как защитить зрение при просмотре ТВ

ГПМ Радио: победа на июньском конкурсе ФКК


Commentator’s curse strikes immediately as LIV golf hothead Tyrrell Hatton swears live on TV after losing it at the WIND

Who could England get next in Euro 2024 knockout stage after going through to last-16?

‘I’ll have to talk to my agent’ says Harry Kane as England star offered transfer from Bayern during press conference

Mets survive late barrage to beat Yankees in Subway Series opener


Росгвардейцы обеспечивают охрану правопорядка во время празднования Дня России.

В Москве пройдет 19-я выставка «Интеравто»

Заместитель Московско-Курского транспортного прокурора в рамках работы мобильной приемной провела личный прием граждан на Курском вокзале г. Москвы

Портативный ТСД корпоративного класса Saotron RT-T70


'Maybe this new Stardew Valley-like game is pretty good' I said to myself after blearily noticing I'd played it until 2 in the morning

Dustborn let me smash fascists and flirt with my situationship on a road trip across America

The latest friendship-ruining co-op game on Steam is a punishing platformer where you're chained to your pals, and it's about to crack 100,000 concurrent players

Прохождение элитного подземелья «Лесной алтарь» в Tarisland


Робота водієм у Таксі 571 (Київ)


Преимущества карты строек жилых и промышленных объектов в России

Состоялась церемония вручения премии Men Today Trends

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Родители 240,5 тыс. детей в Московской области получают единое пособие

Как выбрать лучший строительный субподряд


Преимущества карты строек жилых и промышленных объектов в России

Живем, как после инсульта. Переболевшие ботулизмом рассказали, что ощущают

Вебкам-студия MONTANA в Санкт-Петербурге

Адвокат Ермаков: пожизненное лишение свободы не легче смертной казни


Два пассажира пропали после аварии с поездом Воркута — Новороссийск

В Звенигородском манеже представили пейзажи из собрания Русского музея

Петербургские шахматистки Анастасия Боднарук, Евгения Овод и Ольга Карманова выиграли свои партии в 1-м туре Высшей лиги в Нижнем Новгороде

Волонтеры юго-запада Москвы поддержали выдвижение Екатерины Раззаковой кандидатом в депутаты МГД


Появились новости о здоровье Елены Рыбакиной перед турниром в Англии

Уроженка Тамбова Арина Родионова вышла во второй круг квалификации Уимблдона

Россия — первая по теннисным отказникам! Почему сразу девять наших сказали «нет» Олимпиаде в Париже

«Недальновидное решение». На «Беларусь 1» раскритиковали отказ Арины Соболенко от Олимпиады


Свыше 70 тыс. студентов колледжей прошли практику в московских компаниях

Шоу-форум «ПАРТНЕРСТВА НОВОГО ВРЕМЕНИ»

Археология и жизнь. Готовятся поправки в закон "Об объектах культурного наследия народов РФ"

Ефимов: Москва выделила 3 участка для строительства новых объектов в Коммунарке


Музыкальные новости

«Ему плевать»: пентхаус Киркорова в Москве сочли незаконным из-за надстройки

Певец Шарлот из СИЗО анонсировал гастрольный тур на июль

Солисты Большого театра и квартет Бутмана выступят на фестивале Ruskeala Symphony в Карелии

Это по любви: как выглядят и чем занимаются дети солиста группы «Мумий Тролль» Ильи Лагутенко


Преимущества карты строек жилых и промышленных объектов в России

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Родители 240,5 тыс. детей в Московской области получают единое пособие

Как выбрать лучший строительный субподряд

Состоялась церемония вручения премии Men Today Trends


Пер-во г.Люберцы-на призы БФ Люберецкий Квартал 24-30.06.2024

Организованных тургруп из Новосибирска в Крыму нет

Умер первый тренер Владислава Третьяка Виталий Ерфилов

Всероссийский фестиваль под художественным руководством Надежды Бабкиной пройдет в Псковской области


В Бузулуке возбудили уголовное дело по ДТП с погибшим ребёнком

Более 12 млн раз проехали автомобилисты по платной трассе М-12 Восток

Три грузовика столкнулись на Киевском шоссе

СОТРУДНИКИ РОСГВАРДИИ ОКАЗАЛИ ПОМОЩЬ САМОКАТЧИЦЕ, ПОСТРАДАВШЕЙ В ДОРОЖНО-ТРАНСПОРТНОМ ПРОИСШЕСТВИИ В МОСКВЕ


Россия получит доступ к военным базам и аэродромам Индии, что создаст угрозу США

Путин встретится в Москве с лидером Республики Конго Сассу-Нгессо

"Хинди Руси бхай бхай": Россия и Индия готовят Западу "большой привет"

Замглавы МИД России и посол Южной Кореи обсудили визит Путина в КНДР


Около 1,3 тысячи случаев заражения COVID-19 выявили в столице за неделю

Около 1,3 тыс. случаев коронавируса выявили в Москве за неделю



Инфекционист Никифоров предупредил о нарушении зрения в течение 2-3 месяцев после перенесенного ботулизма

Главный врач клиники микрохирургии глаза АйМед Элина Санторо: как защитить зрение при просмотре ТВ

Стоматолог Татьяна Сумцова: когда стоит задуматься об установке брекетов

Балашихинская больница стала лучшей в регионе по направлению трансфузиологии


"Запад до последнего будет закрывать глаза на зверства режима Зеленского": Мария Захарова ответила Киеву после атаки на Севастополь


Детская зона «ЯРКО» – на Летней Спартакиаде «Газпром-Медиа Холдинга»

В Москве пройдет групповая шоссейная велогонка Cyclingrace Столица. Старт состоится 6 июля

Hisense запустила рекламную кампанию «Ставшие легендой»

Новичок ярославского «Локомотива» сыграет в гала-матче в Москве


Китай может построить в Минске еще один знаковый объект

«Все решено»: Лукашенко поблагодарил Лаврова за важное для Белоруссии решение


Собянин: Уровень безработицы в Москве будет снижен до 1,2 процента к 2030 году

Сергей Собянин: Внедряем принципы цифровой клиники

Собянин рассказал о масштабной программе празднования Дня молодежи в Москве

Сергей Собянин. Главное за день


У инвесторов появилась возможность купить ЦФА на "Атомайзе" прямо в мобильном приложении Росбанка

Эксперт Ганьшин: вместе с температурой в Москве растет и количество осадков

Экологи «Россети Центр» и «Россети Центр и Приволжье» показали высокий профессионализм на Всероссийском конкурсе

Землевладельцев Щелкова предостерегли от нарушений правил обращения с отходами


Свыше 70 тыс. студентов колледжей прошли практику в московских компаниях

Два пассажира пропали после аварии с поездом Воркута — Новороссийск

Ефимов: Москва выделила 3 участка для строительства новых объектов в Коммунарке

Шоу-форум «ПАРТНЕРСТВА НОВОГО ВРЕМЕНИ»


В Димитровграде проводят чемпионат России по парусному спорту в классе «микро»

Спортсмены из Архангельской области взяли серебро и бронзу на чемпионате России по пулевой стрельбе

Архангелогородцев приглашают на субботник в рамках Всероссийской акции «Вода России»

Семейный пикник «Родные - любимые» пройдет в Поморье в третий раз


Агент СБУ засел в МВД Крыма: Источник сообщил о поимке майора-шпиона

В Симферополе предупредили об антитеррористических учениях

Семья из Симферополя отправилась в колонию за мошенничество

В Симферополе пройдут антитеррористические учения


Воробьев: возвращение «Троицы» в лавру — большое событие для православных

В Звенигородском манеже представили пейзажи из собрания Русского музея

Миллионы банковских карт «Сбербанка» перестанут работать с 1 июля

Telegram-канал «Хуже и не скажешь»: Земфира приехала в Москву на прием к стоматологу














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *