Мамлекет башчы Садыр Жапаров камакта отурган мурдагы тарапташы Мелис Аспековдун айыптоосун четке кагып, экс-президент Сооронбай Жээнбековдон акча албаганын билдирди. Президент “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Аспековду "менин атымдан акча чогулткан" деп айыптады.
“Сооронбай Жээнбековдон бүгүнкү күнгө чейин бир миллион доллар алмак түгүл, бир доллар алган жокмун. Кудай өзү көрүп турат. Ал эми Мелис Аспеков болсо шайлоо убагында мени сурап жатат деп ар кимден акча чогултуп кармалган. Ошол үчүн камакта жатат”, - деп жооп берди президент.
Буга чейин камактагы Мелис Аспеков сот отурумдарынын биринде Садыр Жапаров шайлоо маалында экс-президент Сооронбай Жээнбековдон 10 миллион доллар алганын айтып чыккан. 2021-жылы Аспековдун ушундай билдирүүсүнө байланыштуу экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков сотко кайрылган. Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы арыз ээси моралдык чыгым үчүн 1 миллион сом талап кылып, Аспековдон " Жээнбеков Садыр Жапаровго шайлоо өнөктүгү үчүн 10 млн. доллар берген" деген маалыматын төгүндөөнү талап кылып жатканын маалымдаган.
Аспеков 2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2021-жылдын январында ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган. Алгач Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, май айында ага "Алдамчылык" беренеси да кошулган. 2022-жылы март айында Бишкектин Биринчи май райондук соту активист Мелис Аспековду күнөөлүү деп таап, жети жылга абакка кескен. Мунун алдында Аспеков соттук жараяндагы акыркы сөзүн айтып, күнөөсү далилденбегенин, "саясий негизде иш козголгонун" билдирген. (TSh)
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки
АНДРЕЙ БЕЛОУСОВ И "СВЯТОЙ ЛЕНИН" ОТКЛЮЧАЮТ НАСТОЯЩИХ ПИРАТОВ?!
Вебкам-студия MONTANA в Санкт-Петербурге
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Более 12 тысяч жителей Москвы и Московской области получают повышенную пенсию за работу в сельском хозяйстве
'Maybe this new Stardew Valley-like game is pretty good' I said to myself after blearily noticing I'd played it until 2 in the morning
Model viewer forensics reveal that Elden Ring: Shadow of the Erdtree's Dancing Lion boss is actually two little guys piloting it around
Прохождение элитного подземелья «Лесной алтарь» в Tarisland
The latest friendship-ruining co-op game on Steam is a punishing platformer where you're chained to your pals, and it's about to crack 100,000 concurrent players