Адвокат: Бакыт Асанбаевдин иши сотко өтө элек болчу
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында асынып турган жеринен табылган "Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин соту жакынкы күндөргө белгиленген эмес.
Бул тууралуу "Азаттыкка" маркумдун жактоочусу Нур Кылычбаева билдирди. "Иш сотко өтө элек болчу. Ушундан улам эч кандай комментарий бере албайм", - деди адвокат.
Адвокат Асанбаев менен бир эле жолу сурак маалында жолукканын белгиледи.
Буга чейин айрым укук коргоочулар, маркумдун жакындары "Аманбаев дүйшөмбү күнү абактан бошотулмак болгонун, мындан улам анын өлүмү суроо жаратып жатканын" айтып чыгышкан.
УКМК бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.
18-июнда түнкү саат бирге жакын Бакыт Асанбаевдин сөөгү УКМКнын убактылуу тергөө абагында асынып турган жеринен табылган.
Бакыт Асанбаевди жемкорлукка айыптаган кылмыш иши февраль айында козголуп, шектүү апрель айында камалган .
Ага каршы "насыя берүүдө коммерциялык тараптардын кызыкчылыгын көздөгөн туруктуу коррупциялык схема түзгөн" деген айып коюлуп, тергөө жүрүп жаткан.
Асанбаевдин өлүмүн Аскер прокуратурасы иликтей баштаганы маалым болду.
Буга чейин Атайын кызматтын тергөө абагында отурган Марат Казакпаев 9-июнда “Тез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, 10-июнда өзүнө келбей көз жумган.